Menu

Мамлекеттик денгээлдеги афера…

Бөлүшүү:

Сапар Исаков менен мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Шаикованын КРнын өкмөтүнүн машиналарды арзан баада каттоодон өткөрүү деген мамлекеттик деңгээлдеги аферасы менен көптөр кабардар болбосо керек. Эмесе сөз башынан болсун. Апрель айынан тарта автоунааңызды арзан баада каттоодон өткөрүңүз деген акция башталган. Ай айланбай жатып ал акциянын ишпалдасы чыгып, коомчулукта каттоо кызматына болгон кыжырдануу күч алды. Эшектин тушоосун чече алышпаган жетекчилер кызматта олтуруп алып айдоочуларды алдаганы эмнеси деген суроо учурда коомчулукта кабыргасынан коюлуп жатат. Мамлекеттик деңгээлде мактаныч кылып жар салышып ооздорун чойгондордо бүгүн үн жок. Сөзүбүз куру болбош үчүн 2-3 саат кезекте туруп, 463 сом төлөп мурдагы эле эски техпаспортун алгандарды көрүп, бул эмнеси деп тац калдык. Көрсө иттин өлүгү ушул жерде көмүлүптүр. Аларыц эски эле техникалык паспорттун ичиндеги “Өзгөчө белгилер” деген жерине кол менен эле бакыйта сиздин фамилияңызды жазып туруп мөөрүн басып берип коет экен. Унааңызга ошол эле техпаспорт, ошол эле номер. Анан кайдагы каттоону айтабыз?!

Техпаспортто буга чейин унаанын ээси ким болсо ошол жазылып турат, анын дареги, унаанын номери. Болгону эле өзгөчө белгилер деген жерине жаңы ээсинин фамилиясы менен ИНН номерин жазып койгон. Жаңы ээсинин дареги жок, акылдуу шаардын акылдуу камералары кудай буйруп иштеп калса, айып чегерилген дүмүрчөк кайсыл дарекке барат? Албетте, эски ээсинин дарегине барат. Бул жагын ойлонгон жан жок. Даты белгилей кетчү жагдай. Мындай жол менен каттоо Кыргызстандын ичинде гана мыйзамдуу саналат экен. Башка өлкөгө жарабайт. Бул техпаспорт менен Кыргызстандын жараны кечээ жакында кошуна Казахстанга кирип МАИ кызматкерине кармалып калат. МАИчилер машинанын мыйзамдуу ээси келип айып пулун төлөп автоунааны алып кетет деп, айып унаа токтотуучу жайга токтотуп коюптур. “Эй, мына мен ээсимин” – деп өзгөчө белгилер деген жердеги биздин эргулдар ручка менен бакыйта жазган нерсесин көрсөткөн экен “мунуңар менен Кыргызстаныңарда жүрө бергиле, бизге жарабайт” – деп коюптур.

Ошондуктан элге тынч эле 1253 сом төлөп, жаңы техпаспорт жаздырып алгыла деп кеңеш берет элек. Болбосо кайра эле бир аздан соң техпаспортуңарды алмаштырууга аргасыз болосуңар. Бул боюнча кайра каттоо мекемесиндеги айрым кызматкерлерден сурасак, “Өкмөттөн токтом түштү, биз айласыз аткарабыз, бул кадам чындап эле мыйзамсыз” – деп ийин куушурушат. Карапайым эл байкушту алдап, жонунан кайыш тилгенден башка эмне жакшылыгыңар бар? Минтип олтуруп кай да бараар экенсиңер шумпайлар!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: