Menu

Алмаз Маткасымов менен Икрам Илмияновдун “былыктарын” эмнеге күч органдары текшербейт?

Бөлүшүү:

Маткасымов Алмаз Анарбаевич 1981-жылы Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн. Бишкектеги Эргеш Алиев атындагы ИИМ академиясын бүтүрүп, андан кийин Москвадан окуусун улантып, юридика илиминин кандидаты наамын алган. 2010-жылга чейин күзөт башкармалыгында Жаныш Бакиевдин жардамчысы болуп иштеген. 2013-жылы УКМКнын АКС бөлүмүнүн сотторду көзөмөлдөө бөлүмүндө кызматкер болуп жана Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп дайындалат. Дал ушул жерден бул жигит сотторду дайындоодо өзгөчө ролду жаратып, аларды өз көзөмөлүнө алган. 2014-жылы Илмиянов Икрам менен таанышып, экөөнүн жылдызы күйүшө баштаган. Экөөнү байланыштырган бул түштүктүн торпок (улак) чабуусу. Акыркы убактарда бул жигиттин былыктары чыга баштаганда Алмаз Маткасымовду азыркы ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров УКМКдан ИИМдин карамагына которуп алган. Учурда Алмаз Маткасымов ИИМдин 7-башкы башкармалыгынын тыңшоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштөөдө.

Эмне үчүн бул кишиге карата кылмыш иши козголбойт? Баардык судьялар айтып жатышат, «АШАнын бийлиги убагында УКМКдан Алмаздын буйругу менен соттордун чечими чыкчу» деп. Бул деген КР Кылмыш кодексинин 304-305-беренелерине шайкеш келип жатпайбы. Мына коомчулук, жарандык активисттер, билип алгыла, биздеги күч структураларындагы башаламандыктарды!

Бул жигиттин ыплас жол менен топтогон байлыктарын ким текшерет? Жубайынын минип жүргөн «Тойота Лэнд Крузер 200» автоунаасы, шаардагы кымбат баалуу үйлөрү кайсы акчага алынган? Түштүктүн улак боюнча «Достук» командасын Илмиянов экөө кайсы акчага каржылап жүргөнүн ким текшерет? Эмне, бул жигиттин ИИМге кантип келип калганын ИИМ башчысы Улан Исраилов билбейби? АКС башчысы соттордон эле сурамжылоо жүргүзүп, бул кишиге карата бир нече фактыларды тапса болот го? Бир далилденген фактыны мурдагы судья Оморова айтты го?..

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: