Экс-министр Төрөгул Беков Орусиянын Пенза шаарында сууга чөгүп бараткан пенсионерди сактап калды. Бул тууралуу Кnews сайты жазды.
Маалыматка караганда, аталган окуя 3-июль күнү орун алган. Шаардын четиндеги көлмөдө чөгүп бараткан кемпирди көргөн Беков дароо сууга секирип, аны жээкке алып чыккан. Ал жерде ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага алып кетишкен.
Эске салсак, Төрөгул Беков мурда Айыл чарба жана мелиорация министрлигин жетектеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ