УКМК убактылуу кармоочу жайы саясий негизде кармалгандар үчүн мейманкана болбошу керектигин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина парламент жыйынында айтып чыкты. Эл өкүлү фракциянын айрым мүчөлөрү учурда УКМКнын тергөө абагында отурган Сапар Исаковдон, Кубанычбек Кулматовдон, Айбек Калиевден, Салайдин Авазовдон жана Осмонбек Артыкбаевден кабар алып келишкенин билдирди. Буга байланыштуу: «Алар күнөөсү аныкталса, мыйзам бузуу боюнча жооп берүүгө даяр. Бирок кимдир-бирөөнүн артыкчылыгын көрсөтүп күнөөнү көбөйтө берүү – бул айланып келчү бумеранг. Мамлекеттин каражатына кол салып, бажыдан, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эсебинен акча жеген айрым аткаминерлер ээн-эркин жүрөт. Аларды элдин баары билет. Аларга качан кезек келет?» – деп кошумчалады. Карамушкинанын айтымында, абактагы жетекчилер коррупция менен күрөш акыйкат жүргүзүлүшүн өтүнүшкөн.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ