Пара талап кылуу фактысы боюнча жактоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 24-декабрда УКМК ККК КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош облусундагы Өзгөн районунан талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 40 000 сом алып жаткан жеринен А.К. аттуу жактоочу кармалган.
Такталгандай, жактоочу А.К. мүлк талашына байланыштуу жарандык иш боюнча маселени оң жагына чечип берүү максатында Өзгөн райондук сотунун судьясына берүү үчүн 120 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган соттун катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш чаралар жүргүзүлүүдө.
Учурад тергөө жүрүп жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ