Menu

Темир Сариев, экс-премьер-министр: «Президент болгон адам чечкиндүү болуп, өлкөнүн милдети менен кошо илдетин да алышы керек»

Бөлүшүү:

— Темир Аргенбаевич, партиялык тизме менен шайлоого өткөн мезгилден бери саясий партиялардын ага даяр эмес экенин, тажрыйба жоктугун турмуш өзү далилдеп койду. Парламентке келген партиялар бирдиктүү боло албай, ич ара жарылууга барганын да көрдүк. Келечектин негизги максаты катары парламентти күчөтүү көз карашына эмне дээр элеңиз?

— Биз парламенттик башкаруу системасына өткөнүбүздө кандай кемчиликтер кеткенин азыр баарыбыз түшүнүп жатабыз. Парламенттик башкаруу системасынын өзөгү болчу саясий партиялар азыр эң алсыз болуп калды. Анткени, саясий партиялар парламентти түптөп, парламент өкмөттү түптөп жатат. Саясий партияларда тажрыйба, партиялык маданият, партиялык идеология жок болуп, партиялык ички тартип, партиялык демократия жок болгонунун кесепетин көрүп жатабыз. Келген партиялар акционердик коомго айланып калды. Бул бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. Муну ким калп деп айта алат? Андыктан, бул талашсыз чындыкты эске алышыбыз керек. Келечекте президенттин негизги максаттарынын бири болуп парламентти күчөтүү, ошол эле убакытта аны ирээтке алып келүү болуп эсептелет. Мен сөзүмдү эки гана маселеге бөлгүм келет. Биз 25 жылдын ичинде чакан Кыргызстаныбызда бөлүнүп бүттүк го, эми биригүү убактысы келди. Бирге басуу, бирге өнүгүү, бирге ынтымакка чакыруу бүгүнкү күндүн негизги талабы болушу керек. Акаевдин кеткенине 12 жыл болду. Кээ бирөөлөрдү “акаевчил” деп дагы деле тилдеп жүрөбүз. Бакиевдин кеткенине 7 жыл болду, бирөөлөрдү “бакиевчил” деп тилдегенге көнүп алдык. Отунбаеванын кеткине 6 жыл болду, бүгүнкү күндө “отунбаевачыл” деп жүрөбүз. Эртең Атамбаев кетсе, азыр иштеп жаткандарды “атамбаевчил” деп айтпайт деп ким кепилдик берет? Алакандай кыргыз элин бөлүп-жарбай, эң биринчи аныкы-мунуку дебей, эгерде бийлик жөнүндө сөз болсо, профессионалдык деңгээлине карата мамиле жасашыбыз керек. Жаңы элитаны даярдашыбыз зарыл. Аларды эски тажрыйба менен аралаштырып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшүбүз керек. Бул биринчиси. Экинчиси, шайлоонун жыйынтыгы. Шайлоонун жыйынтыгы мамлекетти биримдикке алып келеби же талаш-тартышка алып келеби? Ал сөзсүз түрдө ошол Борбордук шайлоо комиссиясынан, аткаруу бийлигинен, саясий элитадан, анан эң негизгиси шайлоочулардын өзүнөн көз каранды болот. Эң биринчи шайлоонун жыйынтыгын эл таанышы керек. Экинчиден ошого чыккан атаандаштар, саясий күчтөр таанышы зарыл. Мына биз ошондо гана мамлекетти биримдикке чакырып, өнүгүүгө өбөлгө түзөбүз.

— Биригүүгө, ынтымакка чакырган ар бир талапкердин программасы жазылып, шайлоо учурунда айтылып жатпайбы. Бирок, конкреттүү кадамдар жасалбай жатканы да ачуу чындык. Президент болом деген кишинин кооз программасы болушу керекпи же конкреттүү кадам жасоо ошол кишинин өзүнөн көз каранды болобу?

— Программанын баары жазылып да, айтылып да жатат. Анын баарын кооз жазып койсо болот. Жаза турган адамдар да бар. Алар ар бир партиянын жанында тизилип турат, мынча төлөп берсеңер сонун кылып жазып беребиз деп. А мен ойлойм президент болом деп келген кишинин өзүнүн ички өзөгү болушу керек. Анын чечкиндүүлүгү болушу кажет. Ал ошол оор жүктү көтөрүп кете алам деп келет. Бирок, президент болчу адам баардык жагынан адис боло албайт. Президент болгон адам чечкиндүү болуп, өлкөнүн милдети менен кошо илдетин алгандай болуп, ошону чечип, элди биримдикке, ынтымакка чакырып, жакшы өбөлгө түзүп бериши шарт. Жакшы өбөлгө түзсө баардык тармактар бирдей өнүккөнгө жол ачылат. Мен муну негизги максаттардын бири деп эсептейм.

— Алдыда боло турган президенттик шайлоону кандай өткөзүү керек экени талаш жаратууда. Кээ бирлери мурунку эле шайлоо системасына кайра кайтып келиш керек деп чыгууда. Сиз кандай система менен шайлоо өтүшү керек деп эсептейсиз?

— Шайлоо процесси боюнча саясий партиялардын, саясатчылардын, коомдук ишмерлердин арасында бир топ ойлор айтылып, талаш жаралып жатканы чындык. Кээ бири электрондук эсепти көрсөтпөй, бюллетенди санап туруп анан жыйынтыгын чыгаралы деп айтып жатат. Андай болбойт. Мен бир нерсени ачык айтып коёюн. 2015-жылы премьер-министр болуп турганымда, бир-эки орган президенттин жана менин атыма атайын кат жазышты. Муну Таттуу Мамбеталиева жакшы билет. Биометрика менен барсак абдан чоң тобокелчилик болот, мындан баш тартып, мурунку мыйзамга түшөлү деди. Жогорку Кеңештин чукул сессиясын чакырып, аны жок кылып, мурунку эски мыйзамга келели дешкен. Ошол жерде чоң чогулуш болду. Президент менен чогуу отурдук. Мен ошол жерде биз ага бара албайбыз, эгер биз ага барсак жыйынтыгын эч ким тааныбайт, эл алдында шерменде, эл аралык уюмдарга уят болобуз дегем. Ким жоопкерчиликти алат дегенде, мен премьер-министр катары жоопкерчиликти алам деп айткам. Биометрикалык маалыматка ошол жерден укуктук да, саясий да жоопкерчиликти алып, мындан башка жолго бара албайбыз деп ошону менен кеттик. Саат 8:35 болгондо парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Баардык партиялар ошону таанышты. Азыр илимдин, техниканын заманы, эми биз андан кайра баш тартып, кайра эле кагазды зордуктап туруп киргизсек, ошол шайлоо комиссиясына кирген көзөмөлчүлөрдүн баарын кууп чыгат да, жыйынтык кагазга өзүлөрү билгендей жазып туруп, колубузга жыйынтык мынакей деп карматып койсо эмне кыла алабыз? Андай болбойт, баары таза өтөт дегенге азыр эл ишенеби? Биз 2007-жылы, 2010-жылы шайлоолор кандай болгонун жакшы билебиз. Пачкалап бюллетендерди салгандарын кантип унутабыз? Ошон үчүн артык кылабыз деп тыртык кылып албайлы деген ойду айтып жатам. Шайлоо комиссиянын башчысы “Эгерде серверге коомдук көзөмөл кылам десеңер биз макулбуз” деп айтты. Мына биз ушуну алышыбыз керек. Коомдук көзөмөлдү коюшубуз керек, ошонун технологиясын, тартибин иштеп чыгышыбыз зарыл. Бул биринчиси. Экинчиси, көз каранды эмес IT аудит кылышыбыз шарт. Мына биз ушуга баралы. Үчүнчүсү, шайлоого катышкан саясий партиялар биригип, альтернатив катары борбордук аянтка чоң экранды онлайн кылып коюп коёлу. Ошол альтернативдик онлайн экрандан шайлоонун жыйынтыгын көрсөтүп турушсун. Борбордук шайлоо комиссиясынын серверин ошол экран менен бириктирип, жыйынтыкты ачык көргөндөн кийин шайлоонун жыйынтыгын тааныйлы. Баары ачык болгондон кийин шайлоого катышкан саясий күчтөрдүн баарысы жыйынтыкты тааныганга аргасыз болобуз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: