Президенттик шайлоого катышууга укук алчу талапкерлердин саны аябай эле кыскарды. Учурда 13 талапкер шайлоого катышууга укук алды. Бирок булардын ичинен дагы 5-6сы соодалашуу аркылуу талапкерлигин алып, башкалардын этегин кармай турган болууда. Алсак, КамчыбекТашиев Сооронбай Жээнбековдун этегин кармап кетти. Шайлоого барбайт. Улугбек Кочкоров, Талатбек Масадыков дагы Сооронбайды колдошу мүмкүн болуп турат. Азимбек Бекназаров менен Мадумаров Сариевге кошулушу ыктымал. Бакыт Төрөбаевдин дагы шайлоонун акырына чейин бараары күмөн. Айтор шайлоого 6-7 талапкер эле ат салышканы калды. Күрөш Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариевдин ортосунда эле жүрөт өңдөнөт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ