Президент Атамбаев Миссисипиде аскердик самолеттун кыйрашынан улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампка көңүл айтты. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
“Миссисипиде аскердик самолеттун кыйрашынан улам адамдар каза тапкандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүбүздү жеткирип коюуңузду өтүнөм”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айткан телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ