Menu

Видео – Мамлекеттик айыптоо Дадаевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранды

Бөлүшүү:

Москва аскердик сотунда мамлекеттик айыптоо саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнө айыпталып жаткан Чеченстан ИИМинин «Север» батальонунун мурдагы аскери Заур Дадаевди өмүр бою эркинен ажыратууну өтүндү. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги билдирүүдө.

Мамлекеттик айыптоо калган соттолуучуларды 17 жылдан 23 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратууну өтүнүп, беш айыпталуучунун ар бирине 200 миң рублден айыппул салууну өтүндү. Соттолуучулардын адвокаттары болсо актоо өкүмүн талап кылышууда. Дадаевдин жактоочусу сот арачыларын таркатып, жараянды кайра башынан баштоону өтүндү.

29-июнда сот арачылары Немцовдун өлүмү боюнча соттолуп жаткан беш адамды тең күнөөлүү деп тапкан. Алар — Заур Дадаев, Анзор жана Шагит Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев. Анда сот арачылары булар бир топ катары иш алып барган жана аларга ырайым берилбеши керек деген бүтүмгө келишкен.

Немцовдун туугандары менен тарапташтары саясатчынын өлүмүнө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар экенин билдирип келишет. Ошондой эле алар кылмыштын уюштуруучусу «Север» батальнунун мурдагы командири Руслан Геремеев болгонун айтышкан. Бирок алардын экөөсү тең суракка чакырылган жок.

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде атып өлтүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: