Menu

“Өнүгүү-Прогресс”: Бишкектеги коомдук унаалар айдоочулардын маанайына жараша жүрөт

Бөлүшүү:

“Кар калың түшкөн акыркы күндөрдө шаардыктар коомдук унаалардын саны кескин азайганына нааразы. Эртең менен жана кеч күүгүмдө аларды шаар жолдорунан дегеле жолуктурууга болбойт. Бул жерде муниципалдык транспорттун айдоочуларынын маанайынан бардыгы көз каранды болууда. Айдоочу кааласа жумушуна чыгат, каалабаса чыкпайт”, – деп билдирди Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Таалайбек Сариев.

Талапкердин пикиринде, миллиондон ашкан калк жашаган шаарда мындай иштөө схемасы талапка ылайыксыз. “Аба ырайынын катаалдашына байланыштуу көпчүлүк шаардыктар өз унааларын токтотуп коюуга мажбур, ал эми такси кызматтары бардыгы жеке менчик колдо, алардын иш графиги, баа тарифи ар бир компаниянын өзүнүн каалоосунда. Шаардын коомдук унаалар башкармалыгындагы иштөө системасын өзгөртмөйүн, биз жакшы жыйынтыктарга келе албайбыз”, –  дейт Таалайбек Сариев.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөсүнүн айтуусунда,  шаар маршруттарын ачык жана тең салмактуу бөлүштүрүү багытында тендер уюштуруу маселеси көптөн бери котөрүлгөнү менен ишке ашырыла элек.

«2013-жылы кабыл алынган Бишкек шаардык комитетинин  №50 токтомунда көрсөтүлгөн шарттар иштебей жатат. Ал токтомдо коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилерге – транспорттун техникалык абалы, айдоочунун квалификациясы, иш графигин толук сактоо сыяктуу талаптар коюлгон. Ушул жана башка токтомдордун негизинде биздин партия коомдук унааларга байланышкан маселелерди аягына чыгарууну көздөйт”, – деп жыйынтыктады Таалайбек Сариев. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: