Menu

Шарабидин Токтосунов, Садыр Жапаровдун жактоочусу: “Садыр оор абалдагы үй-бүлөсүн колдоп туруу үчүн гана ырайым суроого аргасыз болду”

Бөлүшүү:

– Шарабидин мырза, Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылганы белгилүү болгон. Эгер Жапаров президенттин ырайымы менен эркиндикке чыкса, коюлган кылмышты мойнуна алган болуп калабы? Кийин толук акталганга мыйзам жол береби?

– Садырдын президенттен ырайым сурап кайрылганын кийин билдим. Ал учурга катышкан эмес элем. Бийликтегилер Садырдын баласы кырсыктан улам көз жумган соң, ырайым сурап кайрылганда гана эркиндикке чыгарабыз дешиптир. Менин билишимче, туугандары чогулуп сүйлөшүшүп, Садырга барышып “Болду эми, атабыз, апабыз, балаң бул дүйнөдөн өттү” деп көндүрүшүптүр. Жапаров эч кандай кылмыш кылбаганын, адилетсиз түрмөдө олтурганын, ошонун айынан атасы, апасы, баласы каза болгонун айтып, үй-бүлөсүнүн абалы оор болгондугуна байланыштуу камактан бошотууну сураныптыр, Бул мыйзам ченемдүү эле. Мыйзамдарды карап чыктым, мунапыс жана ырайым берүү боюнча өзүнчө атайын мыйзам бар. Ошол мыйзам боюнча күнөөнү мойнуна албай туруп деле ырайым сурап чыкса болот. Ошол эле учурда көзөмөл иретинде жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко кайра кайрылганга укугу бар. Соттор жаңы жагдайлар бар деп тапкан болсо, анда ошол боюнча эле президентке билдирүү жөнөтүп коёт экен. Калган иш мурунку мыйзам боюнча эле жүрөт. Садыр Жапаров ырайым сурап чыгып алса деле, кайрадан толук акталганга мүмкүнчүлүк бар.

– Жапаровдун апасы каза болгондо президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев дагы тажияга барып, элдин алдында “Жакында Садыр Нургожоевич акталып чыгып, арабызга кошулат” деп айткан эле. Ошондо элде үмүт жаралган. Андан бери бир топ убакыт өттү. Президенттин өкүлүнүн айткан сөзү шамалга учкандай эле болуп калды. Же жарым жолдо саясий оюн башка өңүткө бурулуп кеттиби?

– Кандайдыр бир тоскоолдуктар болуп жатканын ошол адамдардын сөзүнөн эле аңдасак болот. Президенттин аппарат башчысынын орун басары рангында турган Дыйканбаев Садырдын апасынын тажиясына барып, элдин алдында расмий сөзгө чыгып, “Жакын арада Садыр Нургожоевич эркиндикке чыгат” деп айткан. Бүгүнкү күнгө чейин ошол сөз иш жүзүндө аткарылбай жатпайбы. Ал адам кандайдыр бир негиздерге таянып айткан болсо керек. Эл алдында айткан сөзү эмне үчүн аткарылбай жатканын Курманбек Дыйканбаев өзү элге чыгып айтып берсе туура болмок.

– Жаңы жагдайлар бар болсо эмне үчүн ушул убакка чейин сотко кайрылбай жатасыңар?

– Жаңы жагдайлар бар. Биз сотко кайрылбай туруп, мыйзамдын талаптарына ылайык биринчи прокуратурага кайрылганбыз. Биринчи Май райондук прокуратурасы бир күндүн ичинде карап туруп, жаңы жагдай жок деген жоопту берди. Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылганда, “Садыр Жапаровдун иши боюнча УКМКнын кызматкерлери мыйзам бузганы көрүнүп турат. Эгерде Садыр Жапаров менен Кенжебек Жумабаев сүйлөшкөн болсо, анда эмне үчүн телефондук распечаткасы жок? Булардын баары жаңы жагдай болот. Бүгүнкү күндө алардын айтып жаткан көрсөтмөлөрү иликтенген жок. Садыр Жапаровдун иши боюнча мыйзам бузган УКМКнын кызматкери жоопко тартылышы керек” деп райондук прокуратуранын чечимин бузуп жөнөтүп жатат. Экинчи жолу да Биринчй Май райондук прокуратурасы кайрадан жаңы жагдай жок деп чечим кабыл алса, Бишкек шаардык прокуратура “Биз катасын оңдоп кел деп гана жөнөткөнбүз” деп жатпайбы. Мендеги токтому боюнча УКМКнын кызматкерлери жоопко тартылышы керек деп турат. Кимдир бирөө таасир эткендиктен, алар дагы мурунку ойдон кайтышты. Ошондон улам сотко кайрылбай турабыз. Бүгүн сотко кайрылсак, мурункудай эле өкүмдөр чыгат. Соттордун мыйзам бузган фактыларын далилдеп, видеого тартып, тартип комиссиясына жөнөттүм. Президенттин атына кат жазып кайрылдым. Бирок, ошол соттор жазаланыштын ордуна кызмат ордунан чоңоюшуп жатпайбы.

– Садыр Жапаров президентке ырайым сурап кайрылгандан кийин жолуксаңыз керек. Маанайы кандай?

– Жолуктум. Ал бүгүнкү күнгө чейин кылмыш ишти мойнуна албайт. Алдыга койгон максаттарын ишке ашырууга даяр. Ырайым сурап кайрылганга бирден-бир себеп, атасы, апасы, баласы каза болуп, үй-бүлөсү моралдык, материалдык жардамга муктаж болуп, оор абалда турганы болууда. Үй-бүлөсүнүн алдына барып, аларды колдоп туруу үчүн гана аргасыз жазууга мажбур болду.

– Эмне үчүн Садырдын ырайым сурап жазган катына ушул убакка чейин жооп болбой жатат?

– Баардык мамлекеттик органдарга арыз жазып кайрылганда, 14 күндүн ичинде жооп берилиши керек. Кошумча материалдар, текшерүүлөр талап кылынган болсо, 1 айга чейин узартылышы мүмкүн. Президенттин ырайым берүү комиссиясынын катчысы материалдар толук эмес деп артка кайтарган. Материалдарды толуктап кайра жөнөтсө, кайра дагы артка кайтарыптыр деген сөздөрдү угуп жатам. Бири-бирине жөнөтө бербей, материалдарды карап туруп эле ырайым берилет же берилбейт деп чечиши керек. Акыркы сөз президенттики.

Кенжекул Айталиев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: