Menu

Алмакан Бекова, парапсихолог: “Бүгүнкүлөрдөн камала тургандары көп, намысына чыдабай өзүн-өзү асып өлүп алчулары да бар”

Бөлүшүү:

Бакиевдин президент болоорун, бийликтен кантип кетээрин күн мурунтан айткан, айткандары төп келген Алмакан Бекова деген парапсихолог бар. Ошол эжеге азыркы бийликтегилердин келечеги, ким президент болот деген суроолорду узатып, кызыктын баарын алдыда боло турганын окурмандарга сунуштап жатабыз.

— Алмакан эже, сиз Курманбек Бакиевдин президент болоорун, бийликтен кете турганын алдын ала айткансыз. Кайсыл окуяны алдын ала айтканыңыз, турмушта дал келип элдин оозуна алынган?

— Бакаевдин авто кырсыкка учурап, бир жылдай комада жатып каза болот деп айтканымды биринчи болуп Замира Сыдыкова жазып чыккан. Ошондо Ак үйдүн тегерегинде Бакаевге үнүм жетпей, өкүрүп-бакырып ыйлап жүргөнүмдө милиция кармап кетип, жиндиканага жаткызышып, Бакаев мен айткандай болгондон кийин жиндиканадан чыгарышкан. Биринчиси ошол окуя болгон. Ал такыр эсимден кетпейт. Бакаевден кийин бийликте тургандар кайрыла башташкан.

— Жолумду ачып бер деп кайрылышса керек да?

— Жолумду ачып бер, келечегим кандай болот деп кайрылышчу. “Туурасын айтып тууганыма жакпадым” дегендей, чындыкты айтып койсом чычалашып, душман болуп чыга келгендери болду.

— Курманбек Бакиевди премьер-министр боло электе Өкмөт жетекчиси боло турганын айтканыңызды, кийин Өкмөт башына келгенде ишендиби?

— Ал киши Чүйдө губернатор болуп турганда барып, эшиктен кирип эле “Сиздин премьер-министр болушуңуз менен” деп куттуктап жибергеним эсимден кетпейт. Жылмайып күлүп, такыр ишенген эмес. Кийин премьер-министр болгон соң ишенген. Өкмөт башына келгенден кийин “Кудайым сизге вазирликти берген, хандыкты аябайт” деп айткам. Андан кийин президент болду.

— Азыр Кыргызстандагы саясий абал сыртынан тынч болуп көрүнгөнү менен ичинен түтөп жаткандай абал болууда. Саясий майдан тынч эле болобу?

— 6 жыл мурун азыркы бийлик келгенде, булардын акыры жакшылык менен бүтпөйт деп айткамын. Ак үйдүн алдында каза болгон балдарга ок аткан, кыргыз-өзбектин ортосундагы жаңжалга кимдер күнөөлүү экени такталып, Бакиевдин командасы акталат деген аян менде болгон. Буга да эч ким ишенген эмес. Эки жыл мурун “Манас жаңырыгы” телевидениесинин ээси Темирбек дегенге кайрылып, “Сиз Таластан болосуз. Роза Отунбаева, Өмүрбек Бабанов жердешиңиз. Атамбаевге анча-мынча кирип жүрөсүз. Ошол кишилерге айта турган маалыматтарым бар эле, жеткизип коё аласызбы?” десем, “Мен сөз бере албайм, аракет кылып көрөйүн” деген. Бийликтегилердин ортосунда кара магия иштеп, булардын ыркы кетип, биринин бетин бири ачып, дүйнө элине шылдың болобуз деген сөзүмө ал киши дагы ишенбеген экен. Кайра жолукканыбызда “Алмакан, ошондо ишенбеген экенмин” деди.

— Өмүрбек Текебаев менен Мелис Мырзакматов биригем дегенде сиз каршы болгон экенсиз. Экөөсү тең төбөсү көрүнүп калган адамдар, бириксе чоң күч боло турган. Эмне себептен каршы болдуңуз?

— Текебаевди көп жылдардан бери билем. Кулов менен Текебаев аны менен тандем түзүп, президенттик шайлоого барган. Ошондо Текебаевдин өзүнө кирип “Өмүрбек, мен сенин күчтүү саясатчы болооруңду көрөм. Бирок, президент болооруңду көрбөй турам” деп айткам. Турсунбек Акун экөө олтурган экен. Мени кабинетинен шашылыш түрдө чыгарып жиберген. Өмүрбек Кудай буйруган оокатка алымсынбайт. Өзүнөн күчтүү кадр чыгышын каалабайт. Ордуна башка бирөөнү даярдайын деген ниети жок.

— Партияны жаштарга өткөрүп берем деп айтып жатпайбы?

— Андай болооруна ишенбейм. Ал курулай сөз. Түштүктө анын эч кандай кадыр-баркы, аброю жок эле. Өмүрбек дегенди укканда аллергиясы кармай турган адамдар бар болчу. Ошол себептен Мелисти пайдаланды.

— Кадыр-баркы жок болсо кантип 5 жолу депутат болуп олтурат?

— Эл деген азгырылат, алданат экен да. Бул айлана-чөйрөсүндөгү элдин арасында аброю бар адамдарды буюм сымал пайдалана калганды жакшы билет. Мелис Мырзакматовду дагы буюм катары пайдаланды. Айткан сөзүнүн бирин аткарган жок.

— Мырзакматов Текебаевдин курмандыгы болдубу ошондо?

— Курмандыгы болду. Азыр дагы пайдалансам деген ою бар.

— Мелисти кайрадан саясатка кошуп, парламентке алып келем деп айтпады беле?

— Алып келе албайт. Текебаев эч кимди алып келе алган эмес. Өмүрбек кадр өстүрө албайт. Ал өзүмчүл, эки жүздүү. Адамдын сүйлөгөн сөзү менен жасаган иши дал келиши керек. Ошондо Кудайдын, пенденин алдында жүзү жарык болот.

— Текебаев көзү ачыктарга көп барат, аттандаштарынын жолун буудурат деген сөз эл арасында айтылып жүрөт. Ошондой болушу мүмкүнбү?

— Андай баарысында тең, Текебаевде, Атамбаевде дагы бар. Алар көбүнчө кара магияларга барышат.

 Сизге азыркы бийликтегилерден кимдер барышат? Булар менен да иштешесизби?

— Мурун Рустембеков “Алло” десе ага чуркайт элем, Акаев “Алло” десе ага, Бакиев “Алло” десе буга чуркачумун да. Көрсө көрүнгөн жакка чуркап бара калчу экемин. Москвага барып, дүйнөлүк дарыгер, дүйнөлүк лига титулуна ээ болгондон кийин өздөрү келсин деп калдым. Булар менен кантип иштешейин? Азыркылардан жакшы нерсе көрбөй жатам. Келечеги Акаев менен Бакиевдикинен да жаман болот. Муну айтсам, мага деле жаман нерсени ойлоп таап чыгат. Каалагандай калчап жатышпайбы, кааласа камап же өлкөдөн кууп жиберет, болбосо өлтүрүп коюшат. Түрмөдөн качкан балдарды террорчу деп атып салышты. Аны билген түрмөнүн начальнигин өлтүрүп, андан кийин асып коюшту. Бул нерселердин баарынын бети ачылат.

— Текебаев менен Атамбаевдин тиреши эмне менен бүтөт?

— Булардын тиреши жакшылык менен бүтпөйт. Атамбаев, Текебаев, Отунбаевалардын алдыга койгон максаты болгон. Отунбаева менен Текебаевди Атамбаевдин чөйрөсүндөгүлөр ага жакындатпай коюшту. Текебаев ошол максатына жетпей, ошондон улам ич күйдүү болуп, тирешүүгө чыкты.

— Азыр президенттин кеңешчиси, мурун шоопуру болуп жүргөн адам тууралуу көп сөздөр айтылууда. Ал кишинин келечеги кандай болот?

— Булардын таптакыр келечеги жок.

— Байлык, бийлик турганда кантип келечегин кура албайт?

— Биринчи ошол байлык буйруйбу же буйрубайбы, ошону көрүш керек.

— Баарысы ошого кошомат кылып жүрүшпөйбү?

— Бүгүн кошомат кылып, жүгүнүп жатышат. Эртең башкача болот. Президент кетсе, бүгүнкүлөрдүн баары кошо кетпейт. Адамдын тагдырын байлык менен ченебеш керек.

— Акаев менен Бакиев кайра Кыргызстанга келеби?

— Кудай буйруса Аскар Акаев, Курманбек Бакиев да кыргыз элине кайтып келет.

— Азыркы президент бир жылдан кийин бийликтен кетем деп айтып жатат. Көзүнөн президенттик такты учуп жаткан адамдар бир жыл мурун болсо да ал орунду алып калсак дегенде так этип олтурушат. Атамбаев президенттикти бирөөгө өткөрүп береби же ага үлгүрбөй калабы?

— Атамбаевдин ошондой ою бар. Ельцин президенттикти Путинге жакшынакай кылып өткөрүп бербеди беле. Ошондой кылып өткөрүп берейин дейт. Бирок, айлана-чөйрөсүндөгүлөр ага жол бербейт.

— Мөөнөтүнүн аягына чейин олтурабы?

— Аягына чейин олтурушу кыйын.

— Президент болом деген саясатчылар көп. Бабанов номур биринчи талапкер катары айтылып жүрөт. Ошол киши кийинки президент болушу мүмкүнбү?

— Бабановду президенттиктен көрүп жаткан жокмун.

— Акылбек Жапаровчу?

— Жапаров дагы президент болбойт.

— Баарын эле болбойт деп жатасыз, президент болчу бирөө барбы?

— Мен кийинки президент болчу адам ким экенин аты-жөнүнө чейин билем. Ким экенин айтып салсам баса калбайбы. Белгисин айтайын – жаш, чыгаан жигит тактыга келет.

— Садыр Жапаров менен Мелис Мырзакматов биригип, Кыргызстанга келет экен деген сөз чыккан. Экөөсү биригеби?

— Жапаров менен Мырзакматов бириксе чоң күчкө айланат. Ошондуктан экөөсүн бириктирбейт.

— Текебаев менин артымдан адам аңдып жүрөт, атып кетиши мүмкүн деп айткан болчу. Анын өмүрү коркунучтабы?

— Бул калп сөз. Аны аңдыган адам өлтүргүч жок. Текебаев адамдарды өзүнө көңүл бурдурганды жакшы билет.

— Бүгүнкү бийликте олтурган чоңдордун арасында камалчулары барбы?

— Бүгүнкүлөрдөн камала тургандары көп, намысына чыдабай өзүн-өзү асып өлүп алчулары да бар.

— Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жакшы нукка түшкөндөй болуп жатат. Эки элдин мамилеси жакшы жагына өзгөрөбү?

— Бул убактылуу эле.

— Алмамбет Анапияевди Жаныш Бакиев өлтүргөнбү же бул жактагылар жайлаганбы?

— Аны азыркы бийликтегилерден эле өлтүргөн. Ал кыргыз-өзбек кагылышуусу, Батукаевдин чыгарылышы тууралуу көп нерсени билет эле. Ошон үчүн анын көзүн тазалоого туура келди. Анын көзүн тазалаган менен андан башкалар дагы бар. Болгон нерсенин баарын билип жүргөн өздөрүнүн арасында бар, эртең эле айтып чыгат. Керек болсо апрелде куралды ким таркатканына чейин ачыкка чыгып, баары айтылат.

— Парламент тарайбы же жокпу?

— Бул парламент тарайт, көпкө олтурбайт.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: