15-ноябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан Чаткал районунда мыйзамсыз ок атуучу куралдарды аныктоого багытталган рейд жүргүзүлгөн. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Натыйжада Чаткал районунун 37 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну “ИЖ-16” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги ок атуучу куралын тиешелүү документи жок алып жургөн жеринен кармалган. Териштирүү учурунда Чаткал районунун К.Ш. аттуу тургуну чоң атасынан калган ок атуучу курал экендиги жана документи жоктугун билбегендигин билдирген. Тиешелүү органдар тарабынан К.Ш. аттуу тургунга административдик айып пул салынган. Алынган ок атуучу курал экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ