Menu

Фото – Бишкекте каракчылар үйгө уурулукка кирип, 62 жаштагы үйдүн кожоюунун сабап 120 миң сом жана 10 миң сомдук алтын шакекти алып кетишкен

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунда 65 жана 44 жаштагы эркек кишилер каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, кечээ, 26-майда болжол менен саат 15:30да райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө каракчылык тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Саат 10:30 чамасында медициналык бет кап кийген белгисиз адамдар 62 жаштагы З.Р. үйүнө терезе аркылуу киришкен. Уурулар үйдө кожоюн жок болот деп эсептешкен. Бирок, үйдүн кожоюну бар болгон. Каракчылар аны сабап, тапанча менен коркутуп, 120 миң сом жана 10 миң сомдук алтын шакекти алып кетишкен.

Издөө иштеринин натыйжасында, бир-эки сааттан кийин кылмышка шектүү жарандар Бишкекте кармалган. Алардан уурдалган шакек жана патрону бар тапанча алынган. Кылмышка шектүү 65 жаштагы К.А. жана 44 жаштагы Б.В. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: