Menu

Малайзия Түндүк Корея менен визасыз режимди жойду

Бөлүшүү:

Малайзия бийлиги коопсуздукту камсыздоо максатында Түндүк Кореянын жарандары үчүн визасыз режимди жойду. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министринин орун басары Ахмад Захид Хамиди билдирди.
6-марттан тарта Түндүк Кореянын Малайзияга барууну каалаган бардык жарандары виза алууга милдеттүү болот.

Ким Чен Нам Малайзиянын аэропортунда 14-февралда ууландырылган. Анын бетине тез таасир этүүчү уу себилген чүпүрөк сүртүп кетишкен. Кылмышка он киши шектелүүдө, алардын төртөө кармалды. Экөөсүнө — Вьетнам менен Индонезиянын жарандарына айып тагылды. Алар коюлган кинелерди четке кагып жатышат.

Ким Чен Нам Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин улуу баласы болгон. Акыркы жылдары ал чет өлкөлөрдө жашап, Пхеньян бийлигин сындап келген. Түштүк кореялык ММКлардын маалыматы боюнча кол салуунун артында Түндүк Кореянын атайын кызматтары турушу мүмкүн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: