12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусу каралып жатканда, депутат Тынчтык Шайназаровдун Равшан Жээнбеков Атамбаевди “коркок экен” деп айтканын келтиргени жалган экенин Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева айтып чыкты.
Кундуз айым Шайназаровдун айткандары Равшан мырзаны абдан таңгалдырганын билдирди.
“Кечээ Равшан Жээнбеков суракка кирер алдында сүйлөшкөнбүз. Шайназаровдун жалган айткандарына абдан таңгалганын билдирди. Сурактан чыккандан кийин бул жалганды төгүнгө чыгарарын айткан. Бирок сурактан чыкпай, камакка алынып калды”, – дейт Кундуз Жолдубаева.
Ал эми Т.Шайназаров ал сөздөрдү комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков айтканын түшүндүрдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ