Menu

Равшан Жээнбеков: “Атамбаев кеткенден кийин ал талкалаган кыргыз экономикасын калыбына келтирүү үчүн 3,5 миллиард доллар талап кылынат”

Бөлүшүү:

“Алмаз Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин ал майкандаган кыргыз экономикасын калыбына келтирүү үчүн жаңы келген бийлик 500 миллиондон 3,5 миллиард долларга чейин каражат табууга аргасыз болот”, – деп билдирди бүгүн, 18-майда Бишкекте өткөн “Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек?” аттуу форумда “Кыргызстандын азыркы учурдагы жана Атамбаев доорунан кийинки социалдык-экономикалык абалы” деген темада доклад жасаган оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков.
“Атамбаевдин доорунда кыргыз экономикасы болуп көрбөгөндөй талкаланды. Бюджеттин дефицити 25 миллиард сомго жетти. Тышкы карыздын көлөмү Ички дүң продукциянын расмий 65% ын түзсө, бейрасмий маалыматтар боюнча 72% га жетти. Ал эми Маастрихт келишими боюнча тышкы карызы ИДПнын 60%ынан ашкан мамлекеттерге карыз берилбейт. Андай мамлекеттер банкрот, дефольт болгон мамлекеттер деп эсептелет. Азыркы күндө эле тышкы карыздарды төлөө үчүн бюджеттен жылына 10 миллиард сомдон акча сарпталып жатат. Бул сумма 2018-жылдан тартып мындан да көбөйөт. Ал эми быйылкы жылдын 3 эле айынын жыйынтыгы боюнча бажы комитетинин маалыматында экспорт 25%га, импорт 35%га кыскарган. Биринчи кварталда эле 1,5 миллиард сом салык жыйналбай калган, жыл аягына чейин 7 миллиард сомго чейин салык жыйналбай калары күтүлүүдө,”- деди Равшан Жээнбеков.
“Кыргызстандын талкаланган экономикасын калыбына келтирүү үчүн бийликке минималдуу болгондо 500 миллиондон 3,5 миллиард долларга чейин каражат таба ала турган команда келиш керек. Ошондой эле ал каражатты уурдап жеп албаган, өзүнүн өлкөнү кризистен чыгара ала турган программасы бар команда келиш керек. Мамлекеттик чыгымдарды 50%га кыскартып, бюджетти дефицитсиз түзүү керек. Адатта жаңы өкмөттөр кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларды түзүшөт. Бизде кыска жана орто мөөнөттүү гана программалар болушу зарыл, узак мөөнөттүү программага убакыт жок. Экономиканы кризистен чыгарганда гана жаңы бийлик элдин ишенимине кирет. Элдин ишенимин алган гана бийлик реформа жасай алат”, – деди Равшан Жээнбеков.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: