Menu

Тажикстан аткаминерлердин декларациясын жарыялабайт

Бөлүшүү:

Тажикстан президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттиги аткаминерлердин киреше-чыгашасы тууралуу маалыматтарын жарыялоого зарылдык жок экенин билдирди. Тажикстанда мамлекеттик кызматкерлер салык мекемесине жылдык кирешелери жана негизги булактары тууралуу отчет берип турууга милдеттүү.

Мамлекеттик кызмат агенттигинин директору Жума Давлатов Душанбеде өткөн маалымат жыйынында мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси тууралуу маалыматтарды жарыялоого тажик коомчулугу али даяр эмес экенин айтты. Ага “№1 бажы терминалынын мурдагы башчысы Шахбоз Ражабзоданын декларациясы эмне үчүн ачыкка чыгарылган эмес” деген суроо берилген.

«Шахбоз Ражабзоданын кирешеси жөнүндөгү декларацияны жарыялоого зарылчылык жок, себеби биздин коомчулук буга даяр эмес», – деген ал.

Эмомали Рахмон 10-майда бажы кызматкерлери менен жолуккан маалда Шахбоз Ражабзоданы ордунан тургузуп, анын канча үйү жана автоунаасы бар экенин сураган.

Шахбоз Ражабзода «Душанбе-1» бажы терминалынын башчысы кызматындагы бир жылга жетпеген убакытта борбордон үч батир жана кымбат баалуу автоунаа сатып алганы, ошондой эле бул аралыкта анын лейтенант наамы подколковникке чейин көтөрүлүп, дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнө 16 жолу чыгып келүүгө жетишкени белгилүү болгон.

Мамлекет башчы Ражабзодага өз каалоосу менен кызматтан кетип, чет өлкөгө которгон бардык акчасын мамлекетке кайтаруу буйругун берген.

Тажикстанда мамлекеттик кызматкерлер жыл сайын апрель айына чейин салык кызматына кирешелери тууралуу отчет беришет. Быйыл 20дан ашуун чиновник декларация тапшырган эмес. Аларга карата административдик чара көрүлгөн.

Тажикстанда 19 миңдей мамлекеттик кызматкер бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: