ӨКМнин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 4-5-ноябрда аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ушундан улам, алар айдоочулардын жанында эмне болуу керектигин алдын ала эскертти.
— ӨКМ жана Гидрометеорологиянын аба-ырайы жөнүндө берген маалыматтарын эске алуу;
— тоолуу жолдор аркылуу айдап баратканда машиналардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
— машиналарды кышкы даярдыкка өткөрүү;
— аптечка, чынжырча, күрөкчөнү машинасына дайыма алып жүрүү.
Ошондой эле алар 5-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, арты карга айланаары, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөөрүн билдирди.
5-6-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −2…-7° суук, күндүз −1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн −4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −10…-15°, күндүз −1…-6° суук болушу күтүлөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ