Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан мамлекеттик сырлардын сакталышы жаатында натыйжалуу тутумду түзүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, тышкы жана ички саясат, социалдык блок, аскердик жана техникалык дарамет, экономика жаатындагы мамлекеттик сырлардан көрүнүүчү мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, мамлекеттик сырларды коргоо маселелериндеги жалпы багытты аныктоочу жоболорду белгилөө мыйзам долбоорунун негизги максатын түзө турганын белгиледи.
“Мамлекеттик сырларды коргоо улуттук коопсуздуктун кепилдиктерин камсыз кыла турган эӊ маанилүү бөлүктөрдүн бири болуп саналат. Ал эми ЖККУ, КМШ, ШКУ курамына кирген мамлекеттердин мыйзамдарындагы айырмачылыктардан улам, жашырын маалыматтардын билинип калышына өбөлгө түзүлүшү мүмкүн”, – деп, баяндамачы КМШ ПААнын “Мамлекеттик сырлар жөнүндө” моделдик мыйзамда колдонулган терминология улуттук мыйзамга киргизилип жатканын кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ