Menu

Бегиш Аматов, легендарлуу парламенттин депутаты: «Кыргыздын биринчи Конституциясын Нурсултан Абишович менен Аскар Акаевдин биргелешкен иши талкалаган»

Бөлүшүү:

— Бегиш аке, мындан бир жыл мурун казак президенти Нурсултан Назарбаев эгемендүүлүк алган жылдардан баштап эле биздин ички ишибизге кийлигишип баштаган деп айттыңыз эле. Кечээки шайлоодогу көрүнүш, чек арадагы абал кайрадан ошол темага кайрылууга аргасыз кылып жатат. Нураке биздин кайсыл ички ишибизге аралашуу менен таасирин күчөткөн?

— Кыргызстан өзүнүн жаңы тарыхында биринчи жолу 1993-жылы мыйзамдуу Конституция кабыл алган. Ал Конституция боюнча бийликтин көпчүлүгү парламент менен өкмөткө берилген. Президенттин бийлигин азайтканбыз. Мына бүгүн ошол нерсеге кайрадан келдик деп айтып жатышат. Конституцияны кабыл алгандан кийин “Биз Кыргыз ССРинин депутаттарыбыз, өзүбүз тарап кетели” десек, Аскар Акаев “Туугандар, эки жакты карап иш кылсак. Легендарлуу парламент көп жакшы иштерди аткарды. Бул парламент 1995-жылга чейиш шайланган. Мөөнөтү бүткүчө иштесе. Мына, кайсыл жерде эрте шайлоо болгон болсо, ошол жерде согуш болуп, тополоң чыгып жатат. Коңшу Тажикстанды, Грузияны көрбөй жатасыңарбы?! Россия дагы тополоң болуп жатат. Биз тынч эле олтурбайлыбы?” деди. Биз айлык албаган депутаттарбыз, бир жылда 3–4 жолу жыйын өткөрүп коёбуз. Депутаттардын көпчүлүгү тынч эле олтуралы дешти. Ошентип бир жыл убакыт өттү. 1994-жылдын жай мезгилинде Каркырага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келиптир. Бул жактан Акаев барыптыр. Алар Каркырада 2–3 күн түнөп жатышкан. Ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Жумагул Сааданбеков да барып, эки президенттин ары-бери жагына өтүп, Назарбаевге бөрү ичигин тартуу кылган. Бир жума өткөндөн кийин Назарбаев “Руханияттын” орденин алганы келиптир деп филармонияга саясий өкүлдүн баарын чакырды. Назарбаев келсе анын сүйлөгөнүн угайлы деп бардык. Назарбаев жарым сааттай “Казак-кыргыз бир тууган эл. СССР таркады, биз эми бир болушубуз керек” деп тууганчылыкты аябай сүйлөдү. Андан кийин “Туугандар, жаңы мамлекет болуп жатканда Конституцияны караш керек. Мен силердин 1993-жылы кабыл алынган Конституцияңарды дыкаттык менен окуп чыктым. Бул Конституция боюнча Аскар, сен Англиянын королевасы эле болуп калыпсың. Бийликтин баары эле Өкмөт менен Жогорку Кеңеште болуп калыптыр. Мындай болсо, сен эмки шайлоого барсаң эл сенин колуңдан эч нерсе келбейт экен, эмнеңи шайлайбыз деп шайлабай коёт. Парламент менен Өкмөт эмне иш кыларын ким билет?” деп айтты. Өзүбүздүн ички ишибизди Кыргызстандын парламенти, президенти, өкмөтү акылдашып чечкенбиз да. Ушундай Конституция болот деп баарыбыз кол көтөргөнбүз. Акаев Конституциянын үстүнө колун коюп алып ант берген. Өзүбүздүн ички саясатыбызды өзүбүз чечип жатсак, коңшу мамлекеттин президенти келип алып баарыбызга “андай эмес, мындай кылгыла” деп буйрук берип жатат. Назарбаевдин сүйлөгөнүн угуп алып, мурун Москва башкарса, эми Алма-Ата башкарып калганбы деп жыйындан баш чайкап, маанай бузулуп чыктым. Назарбаев 1994-жылы ачык эле биздин ички саясатыбызга кийлигише баштаган.

— Кийин Назарбаевдин айтканы менен 1993-жылдагы Конституция өзгөрдүбү?

— Назарбаев кеткенден соң бир айдан кийин сессия чакырылды. Кудум ошол Назарбаев менен Каркырада 2–3 күн чогуу болгон Сааданбеков жүгүрүп эле микрофонго чыгып “Парламент, өзүбүздү өзүбүз таратайлы” деди. 30 депутатка кол койдуруп да алыптыр. Биз “Акаев 1995-жылга чейин олтурасыңар деген” деп көгөрүп турабыз, Акаев болсо билмексенге салып олтурат. Анда парламент таркабай койдук. Эки ай өткөндөн кийин дагы сессия чакырылды. Сессияга барсак 140 депутат өзүн-өзү таркатууга макул деп кол коюптур. Чын-чынына келгенде 1993-жылдагы Конституция боюнча биздин олтурганыбыз мыйзамсыз болчу. Топчукелер да “Силер мыйзамссыз олтурасыңар, кетпейсиңерби?” деп жүргөн. Парламент 1993-жылдагы Конституциянын негизинде өзүбүз эле кетели, мыйзамдын негизинде жаңы президенттик, парламенттик шайлоо өткөрүлсүн деп чечкенбиз. Акаев биз кеткенден 3 күндөн кийин эле Нурсултан Абишовичтин “көрсөтмөсү” боюнча Конституциябызды бузду. Конституцияга колун коюп “Ыйык сактайм” деп ант берген, “Ыйык сактоочу” Акаев 97 беренеден турган Конституциянын 49 беренесин өзгөрткөн. Өзгөртүүнүн алдында Акаев чөнтөгүнөн чыгарган 157 киши Конституциялык кеңешменин мүчөсү болуп калган. Бул Конституцияда жок нерсе. Ошентип кыргыздын биринчи Конституциясын Нурсултан Абишович менен Аскар Акаевдин биргелешкен иши талкалаган. Бүгүнкү күнгө чейин ошол биргелешкен иштин терс таасирин көрүп жатабыз го. “Кумтөргө” окшогон чоң иштердин баары жасалды.

– 1993-жылдагы Конституцияны Акаев талкалады деп ошону жек көрүп жүрбөйлүбү. Анын талкаланышына Назарбаевдин салымы чоң турбайбы…

— Ооба, Назарбаевдин салымы бар. Келип Конституцияңарды оңдогула дегендей сөз айтканы тана алгыс чындык.

— Эки президент Каркырада 2–3 күн эс алып жатышкан кезде эле Каркыра маселесин да ошол учурда чечип коюшканбы?

— Каркырадан Назарбаев менен Акаев куда болуп түшүшүптүр. Кийин Акаевдин уулуна Назарбаевдин кызы берилбедиби. Каркырадан 16 миң гектар жер казактарга кеткен деп айтып жүрүшпөйбү. Ушулардын баары Назарбаевге бөрү ичик жапкан учурда чечилген. Конституциянын гаранты, Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Баш мыйзамды бузуп, мыйзамсыз иштерди кылат деген кимдин оюна келди дейсиң, үка. Мунун запкысын кыргыз эли көрүп жатат. Миллиондоп сыртта жүрүшөт, бул жакта бир завод курулбайт. Завод курулса Казакстандыкы же Россияныкы болуп курулат.

— Казак президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин эмоция менен сүйлөгөн сөзүнө таарынгандай болуп чек араны жаап олтурат. Бул кылыгы кыргызга кысым көрсөтүп коёюн дегениби?

— Экөөбүз баарлашып, эгемендүүлүк жөнүндө макала жазганыбызга туура бир жыл болду. Ошол макала эмне үчүн бир жыл үндөбөй жатат да, бүгүн көтөрүлөт? Кечээ ошол макаланы телевидениеден окуду. Үка, көрсө керек экен да. Эгемендикти кармап туруш керек дегенди түшүнүптүр. Эмне үчүн буга чейин бири-биринин жонун таптап жүрүшөт да, бир күнү эле Назарбаев аксакал Бабановду кабыл алса, андан кийин эле ызы-чуу болуп калышат? Ага чейин эле баары жакшы беле? Жакшы эмес болчу. Каркыраны Назарбаевге берген эмес беле? Берген эле. Акаев Конституцияны оңдогон эмес беле? Оңдогон болчу. 1993-жылдагы Конституцияга кайра келип алып, Назарбаев менен сүйлөшүш керек. Ансыз Назарбаев буларга эмне кылуу керек экенин колундагы таягы менен көрсөтүп, буйрук берип турат. Экөөсү мамлекеттер аралык келишимдерди бузбай жатышабы? Экөөсү тең бузуп жатышат. Ошон үчүн баштапкы Конституцияга келип, аны ыйык сакташ керек. Сактабайбы, анда башкача сүйлөшүү зарыл. Эмне кыргыз эли нары-бери жүгүрүп жүрө бергидей эки президенттин оюнчугубу же “пешка” катары көрөбү?! Кыргызстандын эли өзүнүн укугу үчүн биздин чоңдор менен да, керек болсо Казакстандын чоңдору менен да күрөшөт! Казактар эмне үчүн биздин ички ишибизге аралашат?! Өзүбүздүн чоңдор эмне үчүн кыргыздын баарын чет жакка гастарбайтер кылып айдап жиберет?! Мындай болбошу керек, үка!

— Бегиш аке, бул жолу Нурсултан Назарбаевдин өзүнөн да кетип калды окшойт. Бизде президенттик шайлоо жүрүп жатса, талапкерлердин бирин чакырып алып, батасын берип жатканы туура болбой калды го?

— КМШ өлкөлөрүнүн ичинде мыйзамды сактоо деген жок. Азыркы чоңдор бир убакта Путинге чуркап барганын билебиз. Путин мындайлардан жадап, Назарбаевге кабыл алып коюңуз десе керек да. Такыр түшүнбөйсүң. Бирок, факты КМШнын ичинде бири-биринин ички ишине кийлигишүү кыйла эле. Атамбаев менен Назарбаев айтышса, ортодогу казак менен кыргыз ишкерлеринин эмне күнөөсү бар? Айланайын, мушташасыңарбы өзүңөр билгиле! Бир тууган деген эки элдин чек арасы бир секунд да жабык турбашы керек. Соода-сатык менен күн көргөн элге эмне залакасын тийгизип жатышат? Алардын экономикалык чыгымын ким төлөйт?! Байып алгандар чөнтөгүнөн төлөшү керек. Булар болсо эл менен азилдешип олтурушат. Туурабы үка? Чын-чынына келгенде эки президент тең кыргыз-казак элинин алдында кечирим сурашы керек. Мыйзамдуу чектен бүгүн эле чыгып аткан жери жок. Илгери эле тескери кетишкен. Эми азыркысы болсо, бири-бирине сөз айткысы келсе маданияттын негизинде айтышса жарашат. Орто Азиянын өзүнчө аксакалды урматтоо, кичүүнү сыйламай деген маданияты бар. Андыктан экөөсү ушул рамкада иш кылса тез эле чечилчү маселе. Эки президенттин айынан казак менен кыргыздын ортосуна кыпындай дагы залака тийбеши зарыл. Булардын кылыгы эки элди сыйлабагандык. Эмне үчүн чек арадагы тосмо жабылат? Кыргыз менен казактын эмне күнөөсү бар? Азыр эмне болуп кетет деп элдин эси ооп олтурат. Бир гана нерсе, элди сыйлаганды үйрөнүү керек. Кыргыз президенти кыргыз элинен кечирим сурасын. Казак президенти өз элинен кечирим сурасын. Андан кийин экөөсү сүйлөшө беришсин.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: