Кыргызстанда 2019-жылы 46 бала өз жанын кыйган. Бул тууралуу бүгүн, 13-февраль күнү ЖКнын кезектеги жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев айтып чыкты.
Ал 11-февралда Сокулуктагы №16 мектептеги окуучу өз жанын кыйганын айтып, өспүрүмдөрдүн мындай өлүмү жылдан жылга өсүп бара жатканын белгиледи.
“Мисалы өткөн жылы 46 бала өзүнө кол салып, жанын кыйган. Анын ичинде 26 кыз, 20 эркек бала. Алардын көпчүлүгү толук эмес же ата-энеси чет өлкөлөрдө жүргөн бүлөлөрдө болгону белгилүү болду. Өкмөт бул багытта жалпы коомчулук, атайын адистер менен бирге мамлекеттик деңгээлдеги комлекстүү чараларды көрүшү зарыл. Жаман адат жугуштуу дейт, анысы кандай, мындай жоболоңдуу жосундардан кутула албайбыз, абал мындан дагы оорлошуп кетиши ыктымал», – деп кошумчалады депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ