Бүгүн, 23-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.
Жолугушуудан кийин алар билдирүү жасап, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
КТРКнын кабарчысы министр Руслан Казакбаевге “Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттандыңызбы? Бардык койгон маселелерге жооп алдыңызбы?” деп суроо узатты. Министр бул суроого орусча жооп берүүнү каалады, ал эми кыргыз тилинде пресс-конференциядан кийин жооп берейин деди. Журналист суроосун орусчага которуп, кайрадан узатты. Бирок, суроого Руслан Казакбаев эки тилде тең жооп берүүнү чечти.
Казакбаев суроого алгач кыргызча жооп берди. Андан кийин министр Сергей Лавров “Кечиресиз, сиз кожоюндарды сыйлашыңыз керек го дейм, бардык мааниде” – деп журналисттин сөзүн бөлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ