Бүгүн, 2017-жылдын 23-январында саат 10:00дө Биринчимай райондук сотунун судьясы Жаныбек кызы Венера тарабынан Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаевдин тиешелүү арызды канааттандырбаганы үчүн БШКга карата берген арызы каралат. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын катчылыгынан билдиришти.
“Мыйзамга ылайык, мэр шайлоосу Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы убагында өтүшү керек, бирок белгисиз себептер менен Аймактык шайлоо комиссиясы дароо шайлоо процедурасына өтүшкөн, бул видеого жазылган. Алгач АШК мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине укуктук баа берип, эмне себептен шайлоо шар кеңешинин сессиясында өтпөгөнүн аныкташ керек”, – деп белгилешти фракция катчылыгынан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ