Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келиши менен ага тиешелүү делген Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери алмашат деген сөздөр айтылууда. Тактап айтканда, аталган фракцияны жетектеп аткан Жыргалбек Турускуловдун ордуна Мирлан Жээнчороев келет экен. Баарыныздарга маалым болгондой, 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабановдун «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери алмашып, мурда жетектеп келген Бабановдун досу Руслан Казакпаевди кетиришип анын ордуна Турускулов олтурган. Эми кайрадан Бабановдун келиши менен фракция жаңы лидерлүү болгону туру. «Ээси келсе, бээсин бер!» деген ушул да.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ