Президент Атамбаевдин туулган күнүн утурлай Бишкектеги КМШнын саммитине келишкен сырткы күчтөрдүн дөө-шааларынын арасынан кызык жагдайга күбө болдук. Дүйнөлүк дипломатиянын патриархы, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши, экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен Чеховдун мектебинин ачылышында жылуу маанайда жолугуп, баарлашканы тар чөйрөдө күбүр-шыбыр кепке айланууда. Көптөргө интрига жаратып… “Эски дос эстен кетпейт” болуп, “дядя” Сергей биздин дипломатка эмнелерди кобурады болду экен? Же океңдер бороон болоор алдында Россияга ыктаган саясатчылардын тамырын тарта башташтыбы?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ