Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында алкоголдук продукцияны ишкердикке тийиштүү лицензиясы жок сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-февраль күнү билдирди.
Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринде ар кандай ассортименттеги 800 бөтөлкө спирт ичимдиги, ал эми Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 101 бөтөлкө табылып тартып алынды.
Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ