Menu

Ишенбай Кадырбеков, экс-төрага: Кытайда экс-чиновниктерди кызматка тартып, тажрыйбасын алышат

Бөлүшүү:

– Ишенбай мырза, президент Сооронбай Шарипович жакында мурдагы өкмөт башчылар менен экс-спикерлерди кабыл алып, жолугушаары маалым болду. Мындай жыйынга сиздин оюңуз кандай?

– Биринчиден, мен президенттин өлкөбүздүн экс-спикерлери менен мурдагы өкмөт башчыларын чогултуп, жалпыбыз менен жыйын кургандай сүйлөшүү кыла турган кадамдарына каршымын. Бул жерде өлкө башчы бизди илгерки активдерди чогултуп, жыйын кылгандай кадамга барганы жатабы? Эгерде президент эгемендик тарыхыбыздагы өкмөт менен парламентти бир кездери жетектешкен тажрыйбалуу, көрүнүктүү саясый ишмерлерге жолуккусу келип, ойлорун угууга куштар болсо, анда ал ар бирин бирден чакырып алып деле жолугушуп, сүйлөшүп, кеңешсе болот да, туурабы? Макул, баарыбызды чакырып, жолукту дейли. Ал жерде ар ким оюн айтат да, жыйынтыгында, баары унчукпай кетип калышат. Оңчулуктуу деле мындан жыйынтык чыкпай, тек гана бул иш-чара кампания катары көрүнүп калат.

– Эгерде өлкө башчы сиздер менен жолукканда айрымдарга, маселен сизге кызмат сунуштаса барат белеңиз?

– Кеп жолугушууда, кызмат бергенде деле эмес. Болгону мында «ой-пикирлерди уксам» дейт. Маселен, Кытайда биз сыяктуу экс-чиновниктерди өлкө жетекчилери коомдук же болбосо официалдуу кеңешчи катары алып жүрүп, бийик тажрыйбасын алышат. А биздечи? «Бийликке жаштар келсин» дешет. Анысы деле туура, бирок, улуу муун менен кийинки муундун тажрыйбасы айкалышы керек да. Эгерде президент Жээнбеков биздин кесиптештерди чакырып, кеңешчилик болбосо да «чогуу-чаран иштешели» десе бир айда бир жолудан жолугуп турсак деле жакшы болмок. Андай жолугушууларда куру дегенде бир конкреттүү, колдоого аларлык сунуш айтылайт эле да.

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: