Жалал-Абадда жаштар арасында ВИЧ/СПИДге каршы күрөш улантылуу менен Медициналык колледжде атайын флеш-моб уюштурулду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук Кызыл ай коомунун Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Аталган өкүлчүлүктүн жетекчиси Гүлжамал Джолдошеванын айтымында, өкүлчүлүк менен Медициналык колледждин ортосундагы өз ара кызматташуунун алкагында бул социалдык илдетке каршы студенттер арасында жайылтуу-түшүндүрүү иштери күчөтүлүп келе жатат. Жогоруда аталган иш-чара буга мисал катары кызмат кыла алат.
-Биз айрыкча жаштар арасында ушундай иш-чараларды өткөрүүнү күчөтүп жатабыз. Анткени, шаарда ВИЧ илдетинин жайылышы активдүү, демек, андан жаштарыбызды сакташыбыз керек. Буга чейин биз Жалал-Абад шаарындагы бардык жогорку жана орто окуу жайларында, мектептерде, эмгек жамааттарында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрдүк, окуулар жана семинарлар уюштурулду. Лекциялар окулуп, видео-көрсөтмөлүү материалдар тартууланды. Биздин баамыбызда шаардыктар бул коркунучтуу илдет тууралуу кеңири маалымат алып калышты, – дейт ал.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында медициналык мекемелер да ВИЧ/СПИД илдетине каршы иш-чараларды жыл бою активдүү жүргүзүшүп, көптөгөн массалык акцияларды уюштурушкан. Буга мындай илдетке чалдыккандар саны көбөйүп жатышы себеп болууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ