Menu

“Дордой” базарында ири суммадагы акча уурдаганга шектелип, 28 жаштагы кыз кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте акча уурдоого шектелген 28 жаштагы кыз кармалды. Ал «Дордой» базарында жүргөн жарандын сумкасынан 358 миң рубль (377 миң 737 сом) акчасын алып, изин жашырган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.

«Ушул жылдын 20-июлунда Свердлов РИИБине А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 20-июлда саат 13:00 чамасында «Дордой» базарынан жабырлануучунун сумкасынан белгисиз жарандар 358 миң рубль акчасын уурдап кеткендиги жазылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «уурулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1991-жылы туулган М.Д. аттуу кыз киши кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген», – деди басма сөз кызматынан.

Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо үчүн кошумча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, анын жүргөн жери тууралуу маалыматты билгендер төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(550) 102-872,0(554) 001-200 же 102.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: