Menu

Жандоочу кийик аттырса, жаксакчы уятка калтырат

Бөлүшүү:

Ушу күндөрү Францияда президент Макрондун жансакчысы, 26 жаштагы Александр Беналлага байланыштуу чыр болуп жатат. Мароккодон эмиграцияга келген Беналланын үй-бүлөсү мурда жумушчулар кварталындагы 15 метрлик бөлмөдө жашачу. 2010-жылдан тарта ал социалисттердин коопсуздук кызматына ишке тартылып, бир катар саясатчыларды, анын ичинде Франсуа Оландды да кайтарып жүрөт. Өткөн президенттик кампания учурунда азыркы президент Макронду кайтарып, ал президенттикке шайланган соң коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп дайындалат. Макрондун партиялаштары аны эркелетип, «Рамбо» деп коюшчу.

Ушул жылы 1-майда коммунисттер манифестация уюштурушат. Беналла ал манифестацияга жандармдар менен кошо башына пластик шлем кийип келетда, акцияга катышкандарды сабап кирет. Мыйзам боюнча башкы жансакчынын элди сабамак турсун, жандармдар менен кошо манифестацияны кууп-таратууга аралашууга да укугу жок болчу. Май айында бул окуя көп билинбей калып кетет. Бирок, кийинчерээк журналистгер Беналла манифестанттардын бирин желкеге чаап, экинчисин ичке тээп жаткан видеону таап алышат да, ошол замат ызы-чуу салып киришет. Чууну буга чейин Макронду колдоп келген «Le Monde» жана «Liberation» сыяктуу гезиттер башташып, жансакчы айына 10 миң евродон маяна аларын, ага шаардын эң элиталык районунан 84 чарчы метр кызматтык апартамент берилгенин, квартира казынанын эсебинен 200 миң еврого ремонттолгонун «казып» чыгышты. Атүгүл президентке өзүнүн жансакчысы менен жыныстык катнашта болгон деген да шек коюлууда.

Оппозиция болсо парламенттик комиссия түзүүгө жетишти. Парламентарийлер премьер-министрди чакырып, Улуттук ассамблеянын астында түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда. Парламентке ошондой эле ички иштер министри, Париж шаарынын префекти, президенттик кабинеттин директору, коопсуздук үчүн жооп берген дагы он чакты ири чиновниктер чакырылды. Сенат да бул иштен четте калбай, полиция синдикаттарынын өкүлдөрүн, ички иштер министрин, жандармериянын директорун жана башкаларды чакырды.

Чуулгандуу жазуучу Эдуард Лимоновдун айтымында, президент Макрон жансакчысы менен жакындыгын танып жатыптыр. Беннала болсо жансакчылык иштен четтетилди

Булак: Regnum

Кыргызчалаган “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: