Бозгунда жүргөн экс-ажо Курманбек Бакиевдин кечээ, 1-августта туулган күнү экен. Кыбыраган кыр ашат демекчи, Лукашенконун “жылуу койнунда” жаткан КурСалиевич дагы жетимиштин кырына жакындап калыптыр. Кызыгы, анын туулган күнүн унутпай, көңүлүнө түйүп жүргөн бир топ замандаштар бар экенин көрүп таң калдым. Интернет желесинде Бакиевдин бажырайган сүрөтүн коюп, куттук айткандар жайнап кетти. Арасында аттуу-баштуулар деле жүрөт. Жол карап күтүп, “качан келесиз, сагындык” дегендер да бар экен, тообо. Өткөн жылдары мындай куттуктоолор чанда гана болбосо, дээрлир жок эле. Жүрөктөгү кара тактарды унуткан баягы боорукер кыргыз элинин пейилин түшүнсөк да болот…
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ