Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
КРнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 01:07де Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ