Menu

Өзбекстан кызылча жана кызамык ооруларын жеңди

Бөлүшүү:

Өзбекстан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан кызылча жана кызамык оорусун жойгон өлкө катары расмий түрдө таанылды. Ташкенттеги ЮНИСЕФ өкүлчүлүгү өлкө бул илдеттерди 2014-жылдан 2016-жылга чейин жеңүүгө жетишти деп билдирди.

2007-жылы Өзбекстан иммунизация боюнча улуттук жылнаамасына кызылча, паротит, кызамыкка каршы вакцина киргизген. Балдар 12 айга толгондо жана 6 жашка чыкканда колдонула турчу эки вакцина өмүр бою бул ооруларга каршы иммунитет пайда калат. Өлкө эмдөөлөр менен толук камтылган.

«Өзбекстанда 14 жашка чейинки балдар калктын 27% түзөт. Эмдөө келечек муун үчүн саламаттыкты сактоо тармагында экономикалык жактан эффективдүү инвестиция болуп эсептелет», – деп белгиледи ЮНИСЕФтин Өзбекстандагы өкүлү Саша Грауманн.

ЮНИСЕФ өлкөгө жаңы вакциналарды сатып алууга колдоо көрсөтүүдө. 2020-жылга карата Өзбекстан вакцияналарды өз алдынча сатып алууну камсыздоону пландоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: