Menu

Алманбет Шыкмаматов: ““Асылбек Жээнбеков парламентти башкарып жатат” деген болбогон сөз, ал парламентке келиш керек. Икрам парламентте болбой эле депутаттарды калчылдатып койчу”

Бөлүшүү:

Экс-атамекенчи Алманбет Шыкмаматов журналист Майраш Базлакунованын youtube каналына берген маегинен дагы бир тексттик үзүндү жарыялайбыз:

-Президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбековдун бийликке таасири тууралу уу-дуу сөз көп, сиздин оюңуз кандай?

-Азыр Асылбек Жээнбеков бара турган бирден-бир кызмат – бул парламент. Мисалы, аткаруу бийлигине бара албайт. Бизнес кыла албайт, бизнес кылып көрсүнчү, эмне дейт экен эл-журт. Элчи боло албайт. Анан бош да жүрө албайт да, азыр эми 50 жашта. Бизнес кылгандан көрө ал киши жакшысы парламентте олтурсун. Парламентте олтурса баскан-турганын көзөмөлдөп карап, бир жеринен кылт этсе эле журналисттер жазып турат.

-Парламентте олтурса депутаттар анын көзүн карап калбайбы?

-Депутаттардын көзүн караткысы келсе ал сырттан эле телефон чалып эле каратып коёт… Жанагы “Асылбек парламентте жүрүп, депутаттар анын көзүн карап жатат” деген болбогон сөз. Икрам эмне парламентте беле? Икрам парламентте депутат болбой эле сырттан депутаттарды калчылдатып койчу эмес беле… Асылбек болбосо калчылдатып койчулары андан башка деле толтура. Анан “Асылбек парламентте болуп башкарып жатат” деген бул жөн эле бир уу-дуу кеп… Тескерисинче Асылбек спикер кезинде кенен кыйкырып, столду бир муштап эркин жүрчү, агасы президент болгондон кийин мурункудай ээн-эркин жүрө албай калды…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: