Menu

Сейтек Атамбаев: “Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшөлтөт, абдан оор абалдабыз, мен эми кичинекей макимди алып алып Ак үйгө барып сес көрсөтүшүм керекпи?

Бөлүшүү:

Абакка алынган Алмаз Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев өзүнүн социалдык тармактардын бириндеги баракчасына бүгүнкү атасы жана үй-бүлөсүнүн айланасындагы абал тууралу жаңы пост жазды:

“Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү карасам:
“Эмнеге атаң жөнүндө үн катпайсың? Кырдаал тууралуу оюң кандай? Эми эмне болот?” – деген суроолор көп болууда.
Кечирип койгула мени, мен эми кичинекей макимди алып алып ак үйгө барып сез көрсөтүшүм керекпи, же эмне ортого 84 жаштагы таенебизди салып жамандайлыбы тиги же бул күнөөлүү деп! Же мен бир сөз айтсам эле иш оңунан чыгып кетеби?
Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшөлтөт, абдан оор абалдабыз, бирок азыр тынч, ойлорду бир жерге топтоп, эч кандай провокацияга алдырбай, ойлонуп иш кылышыбыз керек.
7-8-августарда болгон окуяларга азыр баа берүүгө өтө эрте жана бул бааны бир же эки топтун сөзүнүн негизинде болбошу керек. Буйруса, укук коргоо органдары адилеттүү изилдеп калыс жана туура баа беришет деген үмүттөмүн! Сабырдуу бололу!”

Cейтек Атамбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: