Menu

Аида Салянова: “Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз”

Бөлүшүү:

Урматтуу мекендештер, туугандар! 
‌Сиздердин ак батаңыздар менен бүгүн кызымды кучактап отурам! Колдоо көрсөткөндөрүңүздөр үчүн башымды ийип, таазим кылам. Ар бириңиздерге жолугуп ыраазычылыгымды жеке билдиргенге Кудайымдан насип кылуусун тилейм.
‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар – мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды.
‌Операцияга даярдануудан улам Сиздер менен бир нече убакыт байланышта боло албайм. Дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем. Аман болуңуздар!

Аида Салянова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: