Menu

Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: “Илимпоздор эч качан чарбалык жумуштар, бизнес менен алектенбөөгө тийиш”

Бөлүшүү:

– Мирлан мырза, илимпоздор Көлдөгү пансионатка «инвестиция тартабыз» деп 9 миллион зыян келтиришкендерин айттыңыз. Бул чын эле  болгон окуябы?

– Илимдер академиясы менин оюмча, илим менен алектениши керек. Бирок, тилекке каршы, кээ бир илимпоздорубуз чарбалык иштер менен алек болуп кетишкен. Бизге эл кайрылып, айтып атышат, «илимдер академиясына караштуу пансионатка инвестор тартабыз, бизнес жасайбыз» деп ортодон соода-тиричилик болуп, соттошуп, бүгүнкү күндө бирөөлөргө миллиондогон сом акча карыз болуп калышкан. Андан мурдараак илимдер академиясынын тегерегиндеги жерге байланыштуу чыр чыкканын ЖМКлардан окуганбыз. Ошол себептен мен өкмөт илимпоздорубуздун маянасына, изилдөөлөрүнө мүмкүнчүлүк түзүп, ал эми чарбалык жумуштарды мамлекеттик мүлк фондусу башкарышын сунуштаар элем. Шаар ичинде, бүткүл республикада УИАнын институттары, имараттары, жер тилкелери бар болчу. Бүгүн алардын көбү талкаланып, сатылып кеткен.

– «Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу» дегендей, булар деле айлыктары аздыгынан, илимий изилдөөлөргө каражаттын жетишсиздигинен ошондой кадамдарга барышкан чыгаар?

– Бүгүнкү күндө илимпоздор ишкердик менен шугулданганынан алардын айлыктары көбөйүп кеткен жок да. Айлыктарды, стипендияларды өкмөт көбөйтөт. Эгер алар «эс алабыз» дешсе, өкмөттүн карамагындагы көптөгөн пансионаттар бар эмеспи. Ошол жактан уюштуруп, шарт түзүп бериши керек. Бирок, эч качан илимпоздор чарбалык жумуштар, бизнес, соода-тиричилик менен алектенбөөгө тийиш. Алардын түпкү табияты илим болуш керек. Илим – бул ийне менен кудук казгандай бир мээнет. Эмне үчүн биз Бартольддун, Касым Тыныстановдун илим багытында жасаган эмгегин азыркыга чейин колдонуп жүрөбүз? Анткени, алар илим менен шугулданышкан, чарбалык иштер менен алек болушкан эмес.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: