Menu

Замира Молдошева: “Пандемия моделдик шоу-бизнести бир топ өзгөрттү”

Бөлүшүү:

Атаңдынгөрү пандемия, ааламды алты сапырды. Өз нугунда өнүгүп аткан адамзатты ар кандай санаага салды. Алдыга койгон асыл ойлор, изги тилектер сапырылды. Аны менен кошо моделдик шоу-бизнестегилердин ойлогон ойлорун ойрон кылды көрүнөт. Мына ушу жаатта Замира Молдошева карындашым менен чакан маек кылдык.

– Замира айым, бүткүл дүйнөлүк пандемия моделдик шоу-бизнеске кандай өзгөрүүлөрдү киргизди? Анын ичинде Кыргызстанда?

– Баардык тикелей мода көрсөтүүлөр тыйылды. Бүткүл дүйнө жүзү онлайн түрүнө өттү. Пандемия моделдик шоубизнесте жүргөндөрдүн ойлорун бир топ өзгөрттү. Көчүп-конуп, тигил жагы Париж, бул жагы Москва же Америка дегендер кан буугандай токтоду. Алектенип жүргөндөр модага жаңылык көрсөтүү үчүн алдын ала тасмаларга тартып, аны да пандемиянын эрежесин толук сактоо менен электрондук вариантта көргөзмөгө жөнөтүү жагына өттүк.

– Беткап, колкап ж.б. буюм-тайымдар модель чөйрөсүнө аксессуар катары аралаштыбы?

– Дизайнерлер эң ириде беткапты бренд катары чыгарып башташты. Колкап болсо буга чейин эле бар болчу. Ошентсе да мында көңүл чордонуна айланды десем да жаңылбайм. Өзгөчө беткапка көбүрөөк көңүл бурулуп, айныгыс аксессуар катары моделдик чөйрөгө жаңылык киргизгендей болду.

– Учурда эмне иш менен алексиз?

– Азыр онлайн көргөзмөгө даярданып атам. Жаңы коллекция чыгаргам. Түйшүгү көп экен. Тартылган тасманы он сыйра көрүп, кайра-кайра оңдоп дегендей. Баардык эле дизайнерлер эл катары «пандемия бүтүп, баягы жашообузга келсек» дешет. Мен да чыдамсыздык менен күтүп отурам. Жададым, чарчадым. Көкүрөк-көөдөн уйгу-туйгу. Жашоого болгон көз караштар өзгөрдү. Кээде терең ойго чөмүлгөндө «жыргал жашоону жашап койгон турбайбызбы» деп, мындан мурунку жылдарды эстейм. Кыскасы ушу…

– Позитив жок го?

– Эмнеге антип ойлоп атасыз? Позитив ар дайым бар! Жашоо бүгүнкү күн менен бүтүп калбайт эмеспи. Ар бир түндүн жаркырап ата турган күнү бар. Ар бир изденүүбүздүн жемиши бар. Жоктун түбү жок. Бизде позитив болмоюн эч качан ийгиликке жете албайсың. Жарата турган иштерибиз али алдыда.

   

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: