Menu

Видео – ИИМ: Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген божомолдоолор каралууда

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын  ыкчам  кызматкерлеринин атайын кайтаруусунун негизинде Улан Саляновду өлтүрүү боюнча кылмыш ишине негизги шектүү болгон жаранды алып келген видеону көрсөтөт. Мурда  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Улан Саляновду өлтүрүү тууралуу кылмыш иши боюнча бардык шектүүлөр кармалгандыгын маалымдаган.

2017-жылдын 6-ноябрында түн ичинде бет капчан 3 белгисиз адам Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар үйдүн бөлмөлөрүнүн биринен 1975-жылы туулган үйдүн ээси Улан Саляновго карата ок чыгарышып, андан соң изин жашырышып качып кетишкен. Ок атуучу куралдан алган жаракатынан улам У. Салянов ооруканага бара жатканда каза болгон.

Аталган факты Аламүдүн РИИБде катталып,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Адам өлтүрүү” (эски кодекс) менен кылмыш иши козголгон.  Жогорудагы кылмыш ишин мындан ары иликтөө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.

2017-жылдын ноябрь айынын аягында кылмыш жасоого шектелип Чүй облусунун  тургуну 1986-жылы туулган Э.Осмонкулов аттуу жаран кармалган. Ал мурда бир нече жолу каракчалык, тоноо боюнча соттолгон. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен Э. Осмонкуловго кылмыш жасагандыгы тууралуу айып тагылып, тергөөнүн материалдары сотко жөнөтүлдү.

2019-жылдын май айынын акыркы күндөрү  Бишкек шаарына аба каттамы аркылуу Чүй облусундагы Токмок шаарынын тургуну, 1983-жылы туулган Абыкулов Асанэмир алынып келинди. Ал  Улан Саляновду өлтүрүү боюнча кылмыш ишинде негизги шектүү катары жүрүп, мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Аны атайын кайтаруу менен  ИИМдин КМКнын кызматкерлери алып келишти. Ал 2018-жылдын январь айында РФтин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам  издөө иш-чаралары учурунда Москва шаарында кармалган.

Соттук териштирүүнүн жана өзүнчө бөлүнүп алынган иштерди иликтөөнүн жүрүшүндө Көк-Жар жаңы конушунда Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген багыт божомолдоолор каралууда. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча ыкчам тергөө-иш-чаралары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: