Menu

Өлкөбүздүн коопсуздугуна коркунуч барбы?

Бөлүшүү:

АКШнын жана Улуу Британиянын элчилиги Кыргызстанга  келүүнү пландап жаткан жана бул жерде жашаган атуулдарын жеке коопсуздугуна дыкат мамиле жасоону эскертишти. Буга удаа, үч бет капчан адамдын өлкө бийлигине сын айтып, исламчылар Кыргызстанда толугу менен  шарият мыйзамдары орношу керек экенин айткан видео тасма тарады. Бул эмнеден кабар берет? Чындап өлкөбүздүн коопсуздугуна коркунуч барбы же жөн гана көнүмүш билдирүүлөрбү? Бул туурасында кезектеги сурамжылообузду кылдык.

Мелис Айдаркулов, журналист, коомдук ишмер:

  • Бул сыяктуу билдирүүлөрдү көнүмүш деп көңүл сыртында калтыруу чоң катачылык болмок. Мындай коркунучтун бар экенин өлкөбүздүн Коргоо кеңеши да, мамлекет башчыбыз да ачык эле айтып келетпайбы. Ал коркунуч биздин гана мамлекет үчүн эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионунда бар. Ошондуктан мамлекет тарабынан бул багытта көп иштер жасалып жатат. Ал эми АКШ элчилигинин өз жарандарын жеке коопсуздугуна дыкат мамиле жасоого чакыруусу бекер жерден чыга калган жок. Анын негизинде атайын кызматтардын маалыматы болушу мүмкүн. Балким бул да болсо кандайдыр бир геосаясат оюндарынын башатыдыр, ким билет… Бирок ар кандай божомолдорго алданып кыйсыпырга түшүүгө да болбойт. Эң башкысы, өз тагдырыбыз өз колубузда экенин эстен чыгарбайлы.

Темирбек Асанбеков,  “Мекен ынтымагы” партиясынын жетекчиси:

  • Азыр дүйнөлүк даражада өнүккөн мамлекеттердин арасында ич ара саясий карама-каршылык өтө курч абалга жетти. Өзгөчө Россия жана АКШ мамлекеттеринин ортосундагы жаңжал, ачык-айкын эле дипломатиялык деңгээлден чыга баштады. Бул коркунучтуу маалымат таасирлери мындан бир апта мурун Россия мамлекетинде официалдуу эскертүүлөргө  өткөн. Биз Россия мамлекети менен бирге коопсуздук саясий байланыштарыбызга карата, бизде да ошол саясий иштердин уландысы багыт алды.

 Камила Талиева, экс-министр:

  • Акыркы кездеги бул коогалаңдуу эки каңшаар маалымат ар бир Кыргызстандык жаранды чочутат, бирок мамлекеттик укук коргоо органдары бул маалыматтын үстүндө дыкат иштеп жатса керек. АКШ жана Британ Элчиликтери Кыргызстанда жашаган өз жарандарына удаа-удаа эскертүү  берип жатышы да жөн жерден болбосо керек. Алар да бул сигналды өздүк ишенимдүү  булактарына таянып берип жатышы толук ыктымал. Ошондуктан атайын мамлекеттик кызматтар алдын ала чараларды көрүшү керек. Элге түшүндүрүү иштери, профилактикалык маалымат берилип турушу абзел.

Мавлян Аскарбеков, жаш активист:

  • Технологиялык, инновациялык жактан бүгүн АКШ, Европа мамлекеттери алга узап кеткен. Чалгындоо, тыңшоо, анализдөө, прогноздоо, алдын алуу иш-чаралары боюнча тажырыйбалары мол. Биздин атайын кызмат, тилекке каршы, түркүн себептер менен өтө төмөн абалда. Америка жана Британ элчиликтеринин билдирүүсүн баарыбыз туура кабыл алып, эскертүүлөргө туура мамиле жасап, биздин атайын кызмат болсо тыгыз байланышып, кооптуу деген факторлор менен иштеши зарыл. 25 жыл ичинде биринчи ирет Кытай элчилигиндеги жардыруу, биздин бийликтин, атайын кызматтын алсыздыгын көрсөттү. Бүгүн фанатизм, радикализм, бийликке ишенбөөчүлүк күчөп, социалдык, экономикалык абал оорлоп жатканда элибиздин, мамлекетибиздин коопсуздугу чындап эле коркунучта. Бийликтин чабалдыгынан, коррупциялашкандыгынан элдерде ишеним кетип, үмүтү жоктугунан,  Афганистандагы жарандык согуш алдындагы абал бизде түзүлүүдө. Бийликтин көзүн май басып, мындай кооптуу абалды түшүнбөй, референдум, Конституцияны өзгөртүү  менен алек. Кудай сактасын, эртең базарларда, мектеп, ЖОЖдордо, больница же эл көп чогулган жерлерде жарылуулар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби атайын кызмат бүгүн алдын алуу менен алектенбей, бийлик оппоненттерин куугунтуктоо менен алек.

Даярдаган Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: