Menu

Фото – Москвада кыргызстандык жарандар жасалма документтер менен кармалды. Россиянын мыйзамына ылайык алар кылмыш  жоопкерчилигине тартылат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен
Россиянын ИИМдин аймактык түзүмдөрүнүн бөлүмү  Кыргыз Республикасынын  жасалма паспорттору менен айдоочулук күбөлүктөрүн колдонгон кезектеги фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жараны (аял киши) 1978-жылы туулган Х.К. аттуу сый акы берип такталбаган жарандар менен макулдашып алып, башка маалыматтар камтылган Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-card) өзүнө мыйзамсыз алган. Андан соң, ал Россия Федерациясынын  аймагында жүрүү үчүн миграциялык каттоого турган. Бирок, паспортто көрсөтүлгөн маалыматтар паспорт ээсинен 10 жаш кичүү болгон Кыргыз
Республикасынын жаранына таандык экендиги аныкталган.

Андан сырткары, жогорудагыдай башка фактылар аныкталды. Кыргыз Республикасынын жарандары, Ош облусунун Алай районунун 1994-жылы туулган М.Э., Бишкек шаарынын 1966-жылы туулган Н.Ж. аттуу тургуну Москва шаарынын аймагына келишкенде Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн мыйзамсыз жол менен алышкан. Болжолдуу маалымат боюнча алар белгисиз адамдар менен сүйлөшүп алып, өздөрүнө жасалма документти мыйзамсыз алышып, жеке айдоочу болуп иштеп жүрүшкөн. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча зарыл болгон экспертизалар жүргүзүлдү жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен алынган документтер жасалма болуп чыккан. Жогорудагылардын негизинде жасалма документтерди колдонуп жүрүшкөн
жарандардын иш-аракетинде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө (Жасалма документтерди колдонуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери каралууда.

Азыркы учурда  козголгон кылмыш иштери боюнча Кыргыз Республикасынын жасалма паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоого тиешеси барларды аныктоо максатында тиешелүү  ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  мекендештерге келген өлкөнүн мыйзамдарын бузбоону, миграциялык каттоого туруу жана аны узартуу, нотариустан тастыкталган ар кандай документтерди,  мамлекеттик мекемелерден алынган ар кандай документтерди жана тактамаларды жана авиабилеттерди сатууда  мыйзамсыз  ортомчулук кызматтарды көрсөткөн алдамчылардан жана ортомчулардан алыс болууну сунуштайт. Жыйынтыгында алардан алган документтер жасалма болуп калууда. Ар бир көрсөткөн кызматтары үчүн эсеп дүмүрчөгүн талап кылуу керек. Жогорудагыдай кызматтарга баруу менен жарандар кылмыш кылып жатышат. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: