Menu

Чегарадагы жаңжал: вице-премьер Жеңиш Разаков кимди чыккынчы атады?

Бөлүшүү:

16-январда Баткенде чегара меселеси боюнча координациялык жыйын соңуна чыкты. Ал вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы астында өттү. Иш-чарага пресса киргизилбеди.

Баткендеги өкмөт өкүлүнүн аппаратынан билдиришкендей, Акрам Мадумаров Баткен обулсунда түзүлгөн кырдаал жөнүндө кеңири айтып берген.

Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы кыргыз-тажик чегарасында 14 жолу жаңжал чыгып, 11 жолу Баткен районунда, үчөө – Лейлек районунда болгон. Сегизинде эки тараптан тең ок чыгарган куралдар колдонулган. Мыйзамсыз курулуш кылуу фактылары катталган – 10у Кыргызстан жарандары тарабынан, 37си – Тажистан жарандары тарбынан болгон.

Жыйында Кыргызстан жарандары кыймылсыз мүлктөрүн Тажикстан жарандарына сатып жаткандары белгилүү болду.

“Биз бул жерде чагарадагы ар бир метр үчүн күрөшүп жатабыз. Үнүбүз бүтүп калганча талашып-тартышып жатабыз. Ал эми кээ бир кыргыздар үйлөрүн, жер тилкелерин коңшуларга сатып жатышат. Ошол кантип болсун? Бул биздин жер. Биздин жерди сатып жатышат. Жергиликтүү тургундар чегарадагы үйлөрдү, жерлерди саткандарга айтып коюшсун – бул чыккынчылык. Ооба, бул мамлекетке карата чыккынчылык”, -деп ал нааразы болду.

15-январда Бишкекте митинг болгон. Ага Баткен облусунун тургундары менен жарандык активисттер катышкан. Алар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышкан эле.

Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чегарасында жаңжал чыккан. Тажикстандын жарандары өтүп бара жаткан кыргызстандыктардын автоунаасын ташбараңга алышкан, андан соң чегарачылар менен милиция кызматкерлерине ок чыгарышкан. Тажиктер кайрадан башка автоунааны ташбараңга алышканда, кыргыздар чогулушуп, Ош-Баткен-Исфана автотрассасын жабышкан. Күч түзүмдөрүнүн кийлигишүүсү менен жол ачылган. 13-январда парламент имаратынын алдына автивисттер митингге чыгышты. Алар өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдон кыргыз-тажик чегара көйгөйүн жеке көзөмөлүнө алуусун талап кылышкан.

Белгилей кетсек, эки тараптын сүйлөшүүлөрү протоколго кол коюу менен аяктады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: