Бүгүн, 26-февралда Кытайдын Үрүмчү шаарынан келген Кыргызстандын 40 студенти милдеттүү түрдө өтүлүүчү 14 күндүк карантинден чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрилигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Ак-Жол” өткөрмө пунктунан тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин, алар 13-февралда убактылуу обсервация жайларына карантинге жайгаштырылган жана коронавирустун жаңы түрүнө эки жолу анализ алынып, жыйынтыгы коронавирусту тастыктаган эмес.
Карантин мезгилинде алар менен медициналык кызматкерлер гана байланышта болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ