Menu

Петербургдагы жапырт мушташтан үч өзбек жараны жаракат алды

Бөлүшүү:

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы жапырт мушташтан үч өзбек жараны жаракат алды. Бул тууралуу 18-августта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 16-августта болгон мушташта жаракат алган үч өзбек жаранынын бирөөсү ооруканада жатат. Ал травматикалык куралдан жараат алып, учурда абалы оор деп бааланууда.

«Укук коргоо органдары сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Башкы консулдук тиешелүү мекемелер менен байланышын үзбөй, абалды көзөмөлдөп турат», — деп жазылган өзбек ТИМинин билдирүүсүндө.

17-августта ТАСС жана «Фонтанка» басылмалары Петербург базарындагы соода орундары үчүн Өзбекстан жана Азербайжан жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыкканын билдиришкен. Анда бир нече адам травматикалык куралдан жаракат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: