Menu

Сапардын сапары байсалдуу болбой калды

Бөлүшүү:

2018-жылдын январь айы суук болуп, андан улам Бишкек жылуулук энергия борборунда авария болуп, шаар тургундары жылуулук жок, бир канча күн суук үйлөрдө жашашты. Ошол күндөн тарта жаңы эле оңдоо иштери жүргөн ЖЭБнун эмне себептен жарылгандыгын, ага кимдер күнөөлүү экендигин аныктоо иштери жүрүп, натыйжада алардын топ башында Сапар Исаков тургандыгы аныкталды.

Сапар Исаков ЖЭБна байланыштуу болгон ар бир жыйындарга катышып келгени маалым. Маселен, 2010-жылы КР Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги (М.Бакиевдин ЦАРИИси) тарабынан Бишкек шаарынын ЖЭБ реконструкциялоо боюнча даярдыктар башталган.

2010-жылдын январда аталган агенттик долбоорлордун 2 вариантын: атап айтканда Дүйнөлүк банктын 150 млн. долларлык сунушун жана «ТВЕА» компаниясынын 200 млн. долларлык долбоорлорун карап чыгып, «ТВЕА» компаниясынын сунушу Кыргызстандын кызыкчылыктарына туура келбейт деп баш тарткан. Сапар Исаков ошол учурда ЦАРИИнин да Коммуникация кызматынын жетекчиси болуп иштеп, ар бир жыйынга катышкан.

Бирок, 2013-жылы январь айларында С.Исаков КР Президентинин Аппаратында тышкы саясат боюнча бөлүмдүн жетекчиси болуп турган кезде ТВЕА компаниясынын долбоору 2010-жылы баасы жана ЖЭБ курууга анчейин тажрыйбасы жоктугуна байланыштуу четке кагылганын билип туруп, ал долбоорду кайра таңуулап (лобби) баштаган.

Тактап айтканда ал учурдагы президент А.Атамбаевке улам-улам кат жөнөтүп жатып акыры анын колдоосуна ээ болуп, Сапардын көксөгөн иши ишке кирген. Башкача айтканда С.Исаков КР Президентинин Аппаратында тышкы саясат боюнча бөлүмдүн жетекчиси болуп турса да, өзүнө тиешеси жок иштерге кийлигишкени айдан ачык. Анткени, 2013-жылдын июнь айларында “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” иши боюнча жыйын өткөрүп, өкмөткө тапшырмаларды берген:

Маселен, Тышкы иштер министрлигине Кытай тараптан насыя алуу проектисинин келишимин сурап, аны Энергетика жана өнөр жай министрлигине тапшырып берүүнү; Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Каржы министрлиги, Экономика министрлиги, Юстиция министрлиги жана Тышкы иштер министрлигине 2013-жылдын август айынын башында кытай тараптан алынуучу насыянын бардык шарттарын карап чыгууну; Энергетика жана өнөр жай министрлигине Тышкы иштер министрлигинин жардамы аркылуу ТВЕА компаниясы менен келишимге кол коюуну тапшырган. Ошондой эле Сапар Исаков спикерди, премьер-министрлерди жана башка адамдарды мыйзам бузууга мажбур кылганы айтылып келүүдө.

Акыры жүрүп олтуруп “ТВЕА” компаниясы 2014-жылы “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” иштери башталып, 2017-жылы июль айларында аяктаган. Бирок, С.Исаков 150 млн. доллар деп болжогон долбоорду 386 млн. доллар менен ишке ашырууну уюштурган.

Анан албетте “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” болуп, ал өзүн күнөөлүү эмесмин деп, бирде парламенттеги депутаттарды “өлүктөр” десе, бирде өзүнүн соттолушуна учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тиешеси бар деп келет. Кыргыз эли болсо Сапарды “жаш, мыкты кадр” деп эсептешип, өлкө үчүн иштей турган адам келди деп сүйүнүшпөдү беле. Эми анын баштаган сапары. байсалдуу болобу, аны убакыт көрсөтөт.

Азамат Турарбеков

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: