Бүгүн, 30-апрелде КР Жогорку соту абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочуларынын 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы жаза кодекстери ишке киргендигине байланыштуу анын ишин кайра карап, жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралу арызын карап, анын жаза мөөнөтүн 11,5 жылдан 10 жылга түшүрүп, 1,5 жылга кыскартты. Бирок, Садыр Жапаровдун тарапкерлери Жогорку соттун чечимине нааразы болушту жана Жапаров “акталсын!” деп талап кылышты.
Эсиңиздерге сала кетсек, Атамбаевдик режим Садыр Жапаровду Кумтөргө каршы акцияларды жана Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп 11,5 жылга кескен эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ