Menu

Исраилов коррупциядан алыс экен

Бөлүшүү:

ИИМ министри Улан Исраиловдун ар бир кадамын иликтеп сындап келебиз. Сын айтылмайын иш жүрбөйт эмеспи. Исраилов да сынды туура кабыл алып, колунан келишинче аракеттерди жасап жатканын байкап эле жатабыз. Кесиптештери да анын коррупцияга аралашпаган, таза экенин баса белгилеп келишет. Эң негизгиси ошол эмеспи. Мурда жетекчилик кызмат орундар акча менен чечилип келсе, учурда андай маселе жок экен. Коррупцияга шектелген жетекчилер дароо иштен алынып, алардын ордуларын профессионал кадрлар толуктап жатканын кызыл шапкечендер ыраазы болуп айтып жатышкандарын көп укчу болдук. Албетте, бул эң жакшы көрүнүш. Бирок, дагы бир топ жетекчилер иштен кетиши керек. Антпесе кыргыз милициясында абал оңолбойт. Иштебей эле интрига менен алектенгендерди тазаласа биринчи. Анан элге жакын болсо эле иш жүрөт. Иштейм деп келген жигитке ийгилик каалап туралы деп чечтик жолтоо болбой.

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: