Menu

Бабанов НТС айланасындагы абалды рейдерлик басып алуу деп атады

Бөлүшүү:

Бабановдун Фейсбук баракчасында НТС тууралуу билдирүү жарыяланды. Анда Кыргызстанда рейдерлик жол менен сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алууга даярдык жүрүп жатканы айтылган.

“Кыргызстандык соттор Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык, куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат – көз карандысыз, жеке телеканалды жаап салуубу же тартып алуубу?», – деп жазылган.

НТС телеканалы “Республика – Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго таандык деп айтылат.

Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал чет өлкөдө ден соолугун чыңдап жүргөнүн, дарыланып бүткөн соң, мекенине кайтып келерин анын парламенттеги фракциялаштары билдиришкен.

Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: