Menu

Алтынбек Сулаймановдун билдирүүсү боюнча ИИМдин жообу

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов оор күндөр келе жатат, эл дүкөндөрдү тонойт, кылмыштуулук өсөт деп жогорку трибунадан айтканы эч кандай чындыкка жатпайт.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызмат билдирди.

“Биз бардыгыбыз коомдук тартиптин сакталашына жооптуу экендигибизди унутпайлы. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо жана коронавирус илдетинин тарап кетпешин алдын алуу максатында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Мындан тышкары ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тиртипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүү багытында ыкчам ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүп келет. Өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда блокпосттор коюлуп, өзгөчө маанилүү объекттер толугу менен коргоого алынды. Андан сырткары убактылуу кармоочу жайдагы кармалгандар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана жашы жете электер арасындагы укук бузуучулук жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш чараларды көрүүдө” – деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери аэропорттордо, темир жол бекеттеринде жана өткөрүү пункттарында фильтрациялоо иш-чараларына катышып жатышат. Коомдук тартипти сактоого тартылган кызматкерлер медициналык бет каптар, кол каптар, дезинфекциялоочу жабдыктар менен камсыздандырылган. Аймактык бөлүмдөрдө каражаттар менен керектелүүчү күчтөр эсептелип, фильтрациялык блокпосттор жана участкалар, обьектилер аныкталып такталган.

Эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ыкчам кызматкерлер тарабынан жалган жана чагымчыл ушактарды, такталбаган маалыматтарды тараткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу иштери уланууда.

ИИМ жалган провакациялык жалган такталбаган маалыматтарды таратуудан жана сүйлөөдөн карманууга чакырат.

“Коомдук тартиптин сакталышы боюнча ИИМ бардык чараларды көрөт” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн депутат Алтынбек Сулайманов ЖКдагы Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында өлкөдөгү экономикалык кризистен улам оор күндөр келе жатканын айтып, ачарчылыктан улам  кылмыштуулук күчөй турганын айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: